Бухарест Тынчтык Келишими

Бухарест Тынчтык Келишими (1812) – орус-түрк согушунун аякташы менен 1812-ж. 16 (28)-майда Бухарестте түзүлгөн. Түркиянын өкүлү кечеңдеткенге аракет кылса да, орус армиясынын башкы командачысы М. И. Кутузов сүйлөшүүлөрдү Наполеон Орусияга кол салганга бир ай калганда бүтүрүүгө жетишкен. Натыйжада Орусиянын түштүк чегарасы коопсуз болуп, Дунайдагы армияны батыш чегараны бекемдөө үчүн пайдаланууга мүмкүндүк түзүлгөн, Түркия Францияга союздаш болбой калган. Келишим боюнча, Орусия менен Түркиянын чегарасы Прут дарыясы (мурда Днестр эле) менен чектелип, Бессарабия Орусияга өткөн. Россия Кара деңиздин Кавказ жээгинен 1-жолу деңиз базасына ээ болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү