Бухгалтердик эсептин програмдык жабдыгы

Бухгалтердик эсептин програмдык жабдыгы — бухгалтердик эсептин програмдык жабдыгы мекемелерге жазылыштарды аткаруу жана каржылоо жөнүндө кабарлоодо жардам берет. Айрым бухгалтердик эсеп маселелери киреше жана чыгашаны көзөмөлдөөнү, чектерди жазуу жана каттоо аракеттерин камтыйт. Бухгалтердик эсеп програмдык жабдыгы кошумча төмөнкү кызматтарды камтыйт: фактурларды жазуу; сатылуучу буюмдар же кызматтар үчүн төлөө эсеп-кысаптарын даярдоо; кардарлардын дебитордук жана насыялык карыздарын эсептөө; төлөөлөр үчүн эсеп-кысаптарды түзүү жана басып чыгаруу; товарларды буйрутмалоо, сатып алууну токтотуу; төлөө ведомосттор, кызматкерлерге берилген карыздар; өндүрүш чыгымдарын санап чыгуу иштери, конкреттүү маселе, контракт же долбоорго байланышкан чыгымдар; инвентар, сатылбаган буюмдарды көзөмөлдөө; жалпы бухгалтердик китеп, каржылоо амалдарына резюме.

Дагы караңыз түзөтүү

Булактар түзөтүү