Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн талаада өткөрүлөт.

Оюнда бычактар, бута колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар бутаны тургузушкандан кийин, бычак атчу аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден бычактарын белгиленген жерден бутаны көздөй ыргытат. Оюн оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Бутага бычакты так ыргыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюнга окшош түрү түзөтүү

Шиш атмай.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Кезектеги оюнчуга жакын турууга, талаада жүрүүгө, бутага оюн убагында барууга, бычакты бутадан башка жакка ыргытууга бир бирине тоскоолдук кылууга, бир убакытта, ашык оюнчуга, бычак ыргытууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн өткөрүлүүчү жер адамдар жашашкан жана алар чогулган жерден сырткары болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч тарбияланат, кол менен кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү