Бышаруу — теринин сезгенүүсү; тери бүктөөлөрүнүн нымдалган беттеринин өйкөлүшүнөн пайда болот.

Көбүнчө буттун бармактарынын арасы, эткээл аялдардын эмчегинин асты, колтугу, толук балдардын моюну жана башка жерлери бышарат. Терчил кишиде, заарасын кармай албагандарда жана жыныс органынан ак суюктук көп бөлүнүп чыккан кишилерде көбүрөөк болот. Бышаруу күн ысыкта өзгөчө терини таза сактабаган эткээл адамдарда, кант диабети менен ооругандарда, эмчектеги балдарда кездешет. Бышарган тери кызарып, шишимик тартып сууланат, ачышып, кычышат, кээде ооруйт. Кээде ириңдеп же мите козу карын инфекциясы түшүп, дарылоо кыйындайт. Врач дарылайт.

Бышарууну алдын алуу үчүн өздүк гигиенаны сактап, эмчектеги баланы таза багуу, терчилдикти дарылоо керек. Териси тез Бышаруучу эткээл кишилер менен балдардын тери бүктөлүүлөрүн бор кислотасынын (1 чай кашыгын 1 стакан сууга), марганцовканын мала кызыл эритмеси менен жууп, жакшылап аарчып кургатып, кайнатылган өсүмдүк майын же вазелин сүйкөө, тальк же упа себүү сунуш кылынат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8