Гигиена (байыркы грек. ὑγιεινή «соо», ὑγίεια «ден соолук») — медицинанын айлана чөйрөнүн, эмгек шартынын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдөөчү жана калктын турмуш-тиричилик шартына ылайык илимий негизделген талаптарды иштеп чыгуучу тармагы. Калктын саламаттыгы коомдук түзүлүш менен тыгыз байланыштуу. Саламаттык сактоого багытталган чаралар калкты толугу менен камтыганда гана натыйжалуу болот.

Сүрөтчү Густав Климттин элесиндеги гигиена

Гигиена — адамдын такай өзгөрүп туруучу турмуш-тиричилигин камтыган татаал ар тараптуу илим. Гигиена илиминин өнүгүшүндө С. Г. Зыбелин, М. Я. Мудров, Ф. Ф. Эрисман, Г. В. Хлопиндер чоң роль ойногон. Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин 1919-ж. 8-съездде кабыл алынган Компартиянын программасында советтик саламаттыкты сактоонун негизги принциптери аныкталган. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында жүргүзүлгөн санитария-гигиеналык чаралар мамлекеттик мааниге ээ болуп, советтик гигиена илиминин калыптанышына түрткү болгон. Барабара жалпы гигиенадан коммуналык гигиена, тамактануу гигиенасы, эмгек гигиенасы, балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы, аскер гигиенасы, радиациялык гигиена, космос гигиенасы жана башка бөлүнүп чыккан.

Коммуналык гигиена айлана чөйрөнүн факторлорунун калктын саламаттыгына жана санитариялык турмуш шарттарына тийгизген таасирин изилдейт. Изилдөөнүн негизинде калкка таза, жагымдуу шарттарды түзүү үчүн керектүү санитариялык чараларды, гигиеналык нормативдерди иштеп чыгат. Коммуналык гигиена айлана чөйрөнүн жагымсыз факторлорун изилдеп, атмосфералык абанын, суунун жана суу менен камсыз кылуунун тазалыгы, көлмөлөрдү санитариялык коргоо, калк отурукташкан жерлерди тазалоо, турак жай жана коомдук имараттарды тазалоо, калк отурукташкан жерлерди пландоо жана куруу боюнча санитариялык эрежелерди, гигиеналык негиздерди, нормативдерди иштеп чыгат.

Санитариялык эрежелердин, сунуштардын, нормативдердин аткарылышын санитария-эпидемиологиялык бекетер аркылуу СССР санитария-эпидемиологиялык кызматы көзөмөлдөйт. Курулуштар, коммуналык объектилерди куруу жана реконструкциялоо мамлекеттик санитариялык көзөмөлдүн уруксаты менен гана курулат.

Балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы — балдар мекемелеринде, кесиптик-техникалык окуу жайларында, мектептерде эмгек жараяндарын, окуу-тарбия иштерин жөнгө салууга жардам берүүчү гигиеналык сунуштарды иштеп чыгат, балдар менен өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо жана чыңдоо боюнча көйгөйлөдү изилдейт. Биздин өлкөдө балдардын жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы окуутарбиялык жана эмгек жараяндарын гигиеналык негизде уюштурууга багытталып, айлана чөйрө факторлорунун балдар жана өспүрүмдөрдүн организмине тийгизген таасирин изилдейт. Бул тармакта иштеген медиктер балдар жана өспүрүмдөр организминин чарчоосуна жол бербөөчү иш-чараларды, өндүрүш тармактарына караштуу орто окуу жайларында окуган окуучулар үчүн окууга жана өндүрүштүк сабактары үчүн жагымдуу эрежелерди иштеп чыгуулары зарыл. Санитария-эпидемиологиялык бекеттин мектеп бөлүмдөрүндө, мектептин өзүндө иштеген врачтар балдар менен өспүрүмдөрдүн туура өсүшүнө, физкультура сабактарын туура уюштурууга көз салат. Мектепке чейинки балдар, Өспүрүм балдар, Мектеп жашындагы балдар.




Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8