"Бэтмен баштайт" (англ. Batman Begins, орус. Бэтмен: Начало) - 2005-жылы Кристофер Нолан тарткан жана биргелешип жазган "ДС Комикс" каарманы Бэтменге негизделген британия-америкалык супер баатыр тасмасы. Тасмага тартылгандар: Кристиан Бейл, Майкл Кэйн, Лиам Нисон, Кэти Холмс, Гэри Олдман, Киллиан Мөрфи, Том Уилкинсон, Рутгер Хауэр, Кен Ватанабе жана Морган Фримен. Тасма баш каарман Бэтмен болгонго чейин Брүс Уейн кезиндеги жарганаттан коркуусу, ата-энесинин көзү өтүп кетиши, Бэтменге айлануу жолу жана Готэм шаарын хаоско айлантууну көздөгөн Каракчы (Мөрфи) жана Ра'с ал Гул менен күрөшүүсү тууралуу окуяны баяндоо менен Бэтмен сериясын ачып берет. "Бэтмен: Алгачкы жыл" жана "Бэтмен: Узак Хеллоуин" комикс китептери тасманын өзөгүн түзөт.

Бэтмен баштайт
Режиссеру Кристофер Нолан
Продюсер
Сценарийи
Оператору Уолли Пфистер
Негизинде

Каармандар комикстен алынган
автору: DC Comics

Batman жазган
Боб Кейн жана
Билл Фингер
Тартылгандар
Музыкасы
Редактору Ли Смит
Жайылтуучу Warner Bros. Pictures
Чыккан жылы
  • май 31, 2005 (2005-05-31) (Токио)
  • июнь 15, 2005 (2005-06-15) (АКШ)
  • июнь 16, 2005 (2005-06-16) (Улуу Британия)
Узактыгы 140 мүн.[1]
Өлкөсү
Тили Англис
Бюджети $150 млн[3]
Киреше $374.2 млн[3]

Тасма 2005-жылы 15-июнда АКШ жана Канадада 3858 кинотеатрда көргөзүлгөн. Тасма Түндүк Америкада ачылган апта $48 млн, кийинчерээк дүйнөлүк аренадан $374 млн киреше тапкан. Тасма алкышка татыган жана 2000-жылдардагы эң мыкты супер баатыр тасмасы деп табылган. Тасма Оскардын "Эң мыкты оператор" жана 3 "BAFTA" сыйлыгынын наамына көрсөтүлгөн. Тасма "Кара рыцарь" (2008) жана "Кара рыцардын көтөрүлүшү" (2012) тасмалары менен "Кара рыцарь" үчилтигин түзүү менен уланат.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Batman Begins. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 21 -декабрь (бештин айы) 2014.
  2. 2.0 2.1 Batman Begins (2005). British Film Institute. Текшерилген күнү 21 -июль (теке) 2012. Түп булактан архивделген күнү 21 -июль (теке) 2012.
  3. 3.0 3.1 Batman Begins (2005). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 2 -сентябрь (аяк оона) 2014.