Кристиан Бейл
Кристиан Чарльз Филип Бейл (англ. Christian Charles Philip Bale; (30.1.1974), Пембрукшир, Уэльс, Улуу Британия) — британдык киноактёр теги Уэльстен,[1]. Ал блокбастер тасмаларында жана көз карандысыз режиссерлор менен кино студияларынын кичинекей долбоорлорунда роль аткарган.
Кристиан Бейл
Christian Bale | |
Кристиан Бейл 2009 жылы. | |
Төрөлгөндөгү ысымы: |
Кристиан Чарльз Филип Бейл |
---|---|
Туулган датасы: |
30 -январь 1974 (50 жаш) |
Туулган жери: |
Пембрукшир, Уэльс, Улуу Британия |
Жарандыгы: | |
Кесиби: |
АКШ жана Улуу Британия актеру |
Карьерасы: |
1983 — азыркы убакка чейин |
Сыйлыктары: |
«Оскар» (2011) |
IMDb: |
2010-жылы американын жарандыгын алган. «Алтын глобус» жана «Оскар» сыйлыктарынын лауреаты, номинациялары «Экинчи пландагы мыкты эркектин ролу» «Аскер» тасмасы үчүн. Кеңири Кристофер Ноландын культтук Бэтмен трилогия кинотасмасындагы ролу менен белгилүү.
К. Бэйл Стивен Спилбергдин "Күн империясы" (англ. Empire of the Sun, 1987) тасмасына 13 жашында тартылган мезгилден баштап элдин назарына түшкөн. Жеймс Баллардын романынын негизинде тартылган америкалык көркөм фильмде К. Бэйл Дүйнөлүк экинчи согушта ата-энесинен бөлүнүп, жапон жергесиндеги күч менен кармалып калгандардын лагерине туш болгон бай британиялык үй-бүлөнүн баласынын ролун аткарган. 2000-жылы "Америкалык жинди" (англ. American Psycho) тасмасындагы канкор Патрик Бейтмендин ролу көптөгөн жакшы пикирлерге ээ болгон. "Машинист" (англ. The Machinist) психологиялык триллеринде Тревор Резниктин ролун аткаруу үчүн 28, 5 килограммга арыктаган. Актер кинодогу ролдорун мыкты аткаруу үчүн көп нерсеге даяр экендиги менен элдин эсинде калган.
К. Бэйл Кристофер Нолан тарткан "Бэтмен: башталыш" (англ. Batman Begins (2005), "Кара рыцарь" (англ. The Dark Knight, 2008) жана "Кара рыцардын кайтып келиши" (англ. The Dark Knight Rises, 2012) тасмаларындагы ролдору үчүн жакшы акы алган. Дэвид О. Расселл тарткан "Балбан" (англ. The Fighter, 2010) тасмасындагы Дикки Эклунддун ролу кино көрүүчүлөрүнүн купулуна толуп, бир нече сыйлыктарды алып келген. Ушул эле ролу үчүн "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгын уткан. Дэвид Оуэн Расселл тарткан “Америка аферасы” (American Hustle, 2013) жана Адам Маккей тарткан "Каржы кризиси" (The Big Short, 2015) тасмаларындагы ролу коомчулуктун кызыгуусун арттырып, актер "Оскар" сыйлыгына, АКШ киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгына жана "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлгөн.
Өмүр баяны
түзөтүүКристиан Бейл 1974 жылы 30 январда Уэльстин батышында, Пембрукширде англис үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ата-энесинин (атасы — жарандык авиации пилоту, энеси — цирк артисткасы ) кесиптеринен улам[2][3][4][5], үй-бүлө жашоо жерин көп алмаштырышат, Бейла балачагы Улуу Британия, Португалия жана АКШдагы Калифорния штатында өтөт.[6]
Чыгармачылыгы
түзөтүүБейл өзүнүн актердук карьерасын тогуз жашында баштайт, 1983 жылдары британ телевидениесинин социалдык ролигинде баштап. Жыл өткөн соң Бейлдин «Ботаник» (The Nerd) спектаклинде театралдык дебюту болот, ал атактуу комик Роуэн Аткинсон бирге ойнойт[7]. Бейлдин чоң кинодогу дебюту советтик-скандинавиялык менен биргеликтүү «Мио, мой Мио» (1987) тасмасындагы ролу болот. Бул тасмада Астрид Линдгрендин бала жомогунун мотивинен алынган Владимир Грамматиков койгон, жаш актер башкы каармандын досу, Юм-юманы ойнойт.
Дүйнөлүк атактуулук Бейлге 1987 жылдын аягында ал катышкан Стивен Спилбергдин драмасы «Күн империясы» экинчи тасмасынан келет.[8] Джеймс Балларддын автобиографиялык романын негизинде тартылган тасмада, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Япониянын армиясы менен оккупацияланган Кытай жеринде болот. Бейлдин каарманы - ата энеси менен Шанхайда жашаган англиялык жаш бала, - согуш башталгандан кийин япониянын концентарцияланган азаптуу лагериндеги шартка туш болуп калат. Бейл АКШ улуттук кинокритика кеңешинен «Жаш актердун укмуштуу иши» наамын алат, бирок ал күтүлбөгөн даңкты оор көтөрүп, кинодон бираз убакытка четтеп кетет.
Жеке жашоосу
түзөтүү1992 жылдан баштап Бейл Лос-Анджелесте жашап атат[9].
200 жылдын 29 январынан баштап Сандрой «Сиби» Блажич (Sandra «Sibi» Blažić) менен нике курган. 2005 жылдын 27 мартында алардын кызы төрөлгөн, ысымын Эммелин[10][11][12] койушкан.
Анын ыраматылык атасы сыяктуу, Кристиан жаратылыш коргоо группаларын активдүү колдоп турат, алардын ичинде Гринпис жана Дүйнөлүк жапайы жаратылыш кору.[13]
Тасмаграфиясы
түзөтүүЖыл | Орусча аталышы | Нукура аталышы | Каарман |
---|---|---|---|
1986 | Анастасия: Тайна Анны (ТВ) | Anastasia: The Mystery of Anna | Цесаревич Алексей |
1987 | Мио, мой Мио | Mio min Mio | Юм-Юм |
1987 | Империя солнца | Empire of the Sun | Джим Грэм |
1989 | Генрих V | Henry V | Мальчик |
1990 | Остров сокровищ (ТВ) | Treasure Island | Джим Хокинс |
1991 | Убийство по-джентльменски (ТВ) | A Murder of Quality | Тим Перкинс |
1992 | Продавцы новостей | Newsies | Джек Келли |
1993 | Свингеры | Swing Kids | Томас Бергер |
1994 | Принц Ютландии | Prince of Jutland | Амлед |
1994 | Маленькие женщины | Little Women | Лори |
1995 | Покахонтас (анимационный) | Pocahontas | Томас (голос) |
1996 | Секретный агент | The Secret Agent | Стиви |
1996 | Портрет леди | The Portrait of a Lady | Эдвард Розьер |
1997 | Метролэнд | Metroland | Крис |
1998 | Бархатная золотая жила | Velvet Goldmine | Артур Стюарт |
1998 | Все маленькие животные | All the Little Animals | Бобби Платт |
1999 | Сон в летнюю ночь | A Midsummer Night’s Dream | Деметрий |
1999 | Мария, мать Иисуса (ТВ) | Mary, Mother of Jesus | Иисус из Назарета |
2000 | Американский психопат | American Psycho | Патрик Бэйтмен |
2000 | Шафт | Shaft | Уолтер Уэйд |
2001 | Выбор капитана Корелли | Captain Corelli’s Mandolin | Мандрас |
2002 | Лавровый Каньон | Laurel Canyon | Сэм |
2002 | Власть огня | Reign of Fire | Куинн |
2002 | Эквилибриум | Equilibrium | Клерик Джон Престон |
2004 | Машинист | The Machinist | Тревор Резник |
2005 | Бэтмен: Начало | Batman Begins | Брюс Уэйн / Бэтмен |
2005 | Крутые времена | Harsh Times | Джим Дэвид |
2005 | Новый свет | The New World | Джон Рольф |
2006 | Спасительный рассвет | Rescue Dawn | Дитер |
2006 | Престиж | The Prestige | Альфред Борден/Фэнлон |
2007 | Меня там нет | I’m Not There | Боб Дилан/Джон/Джек |
2007 | Поезд на Юму | 3:10 to Yuma | Дэн Эванс |
2008 | Тёмный рыцарь | The Dark Knight | Брюс Уэйн/Бэтмен |
2009 | Терминатор: Да придёт спаситель | Terminator: Salvation | Джон Коннор |
2009 | Джонни Д. | Public Enemies | Мелвин Пёрвис |
2010 | Боец | The Fighter | Дикки Эклунд |
2011 | Цветы войны | The Flowers of War | Джон Миллер |
2012 | Тёмный рыцарь: Возрождение легенды | The Dark Knight Rises | Брюс Уэйн / Бэтмен |
2013 | Из пекла | Out of the Furnace | Рассел Бейз |
2013 | Untitled Terrence Malick Project | TBA[14] | |
2014 | Последняя фотография | The Last Photograph | TBA[15] |
2014 | Рыцарь кубков | Knight of Cups | Рик[16] |
Тиркемелер
түзөтүү- ↑ Christian Bale: American Psycho. IMDB News. — «I was born in Wales but I'm not Welsh – I'm English» Текшерилген күнү 21 -июль (теке) 2008. Түп булактан архивделген күнү 5 -август (баш оона) 2012.
- ↑ «Christian Bale Biography (1974-).» FilmReference.com.
- ↑ Rourke, Mary. Activist David Bale had commitment to Africa, The Seattle Times (4 January 2004). Текшерилген күнү 30 -июнь (кулжа) 2008.
- ↑ von Zielbauer, Paul. David Bale, 62, Activist and Businessman, Dies, The New York Times (1 January 2004). Текшерилген күнү 30 -июнь (кулжа) 2008. Калып:Dead link
- ↑ Serpe, Gina. Christian Bailed Over Alleged Assault; Denies Wrongdoing (22 July 2008). Текшерилген күнү 26 -сентябрь (аяк оона) 2011.
- ↑ 60 SECONDS: Christian Bale | Metro.co.uk. Текшерилген күнү 28 -сентябрь (аяк оона) 2017. Түп булактан архивделген күнү 14 -май (бугу) 2011.
- ↑ Kamarauskas, K. Christian Bale profile at Thespian Net
- ↑ BBC Wales – Arts – Christian Bale. BBC Wales. BBC. Текшерилген күнү 13 Апрель 2009. Түп булактан архивделген күнү 5 -август (баш оона) 2012.
- ↑ Hoad, Phil. Dark Star, The Guardian (5 June 2005). Текшерилген күнү 13 Апрель 2009.
- ↑ Singh, Anita. Christian Bale — profile, The Daily Telegraph (23 July 2008). Архивировано из первоисточника 28 -июль (теке) 2008. Текшерилген күнү 13 Апрель 2009.
- ↑ Bale Becomes a Father. Wenn. IMDB.com (29 March 2005). Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2008. Түп булактан архивделген күнү 5 -август (баш оона) 2012.
- ↑ McLean, Craig. Suit yourself, mate, The Age (29 May 2005). Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2008.
- ↑ «Batman Begins.» Archived 2008-02-10 at the Wayback MachineКалып:Dead link Christian Bale — An Unofficial Appreciation, March 2005, retrieved on 15 May 2006.
- ↑ MaxNicholson How Terrence Malick Retitled Lawless. IGN. News Corporation (23 March 2012). Текшерилген күнү 4 -сентябрь (аяк оона) 2012. Түп булактан архивделген күнү 4 -ноябрь (жетинин айы) 2012.
- ↑ The Last Photograph (2014). AllMovie. Rovi Corporation. Текшерилген күнү 5 -сентябрь (аяк оона) 2012. Түп булактан архивделген күнү 4 -ноябрь (жетинин айы) 2012.
- ↑ Knight of Cups (2014). AllMovie. Rovi Corporation. Текшерилген күнү 5 -сентябрь (аяк оона) 2012. Түп булактан архивделген күнү 4 -ноябрь (жетинин айы) 2012.
Шилтемелер
түзөтүү- Фильмография, биография, Кристиан Бейлдин цитаталары Archived 2009-11-24 at the Wayback Machine