Бүбайша Арстанбекова
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Бүбайша Арстанбекова
Туулган жылы: 8-апрель, 1961-жыл
Туулган жери: Кыргызстан, Ош облусу, Өзгөн району,Токтогул айылы
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: акын, коомдук ишмер
Наамдары:

Бүбайша Арстанбекова (1961-жыл 8-апрель Ош обулусунун, Өзгөн районуна караштуу Токтогул айылында туулган) - акын жана коомдук ишмер.

Кыскача өмүр таржымалы түзөтүү

1985-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Унивеситетинин кыргыз тил жана адабият факультетин аяктаган. 2010-2012 жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын, менеджмент багыты боюнча магистратурасын бүтүргөн.

Бүбайша Арстанбекова Улуттук Жазуучулар Союузунун мүчөсү. Чынгыз Айтматов баштаган Маданият Ишмерлер Ассамблеясынын жоопту катчысы болуп иштеген. “Сага” аттуу ырлар жыйнагы “Кыргызстан басмасы” тарабынан 1999-жылы ал эми экинчи китеби “Карегимде Ата-Журт” 2008-жылы “Бийиктик” басмасынан, үчүнчү китеби 2015-жылы “Турар” басмасынан жарыка чыкты. Акындын “Курманжан Датка” тарыхый поэмасы менен «Open Central Asia Book Forum & Literature Festival- 2014» Эл-аралык сынагына катышып 20 өлкөнүн ичинен II орунду ээлеп Кыргызстандын туусун көтөрүп, жеңишке татыктуу болду.

Акын жана коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекова 1989 - 1990 жылдардагы Кыргызстандагы алгачкы демократиялык курулуштун пайдубалын түзгөндөрдүн бири. 1990- жылы КДКнын Ош облусу боюнча Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын төрайымы болуп иштеген. 1990 – жылы Ош окуясындагы алааматтын кесепеттерин жоюуу үчүн «Энелер комитетин» түзүп, улуттар арасында, эки тарапты жараштырууда жана тынчтыкты калыбына келтирүүдө өз коопсуздугун тобокелге салып иштеген. 1998 – 2000 ж.ж. Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында Свердлов облусу боюнча Кыргыз Республикасынын маданият боюнча өкүлү болуп иштеген. 2004- жылы “Токтогул – Ата” коомдук кайрымдуулук фондун негиздеп уюштуруп, Т.Сатылгановдун 140 жылдык маарекесин республикабыздын жети обулусунда өткөргөн. 2005-2010жж. Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы гендер маселеси боюнча Улуттук кеңештин мүчөсү болуп иштеген. 2000-жылдан баштап, азыркы учурга чейин “Акыйкат Жолу” коомдук бирикмесин жетектеп, миңдеген эмгек мигранттарынын укугун коргоп, юридикалык жактан акысыз кеңештерди берүүчү борборлорду ачып талыкпай эмгектенип келет. Учурда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коомдук кеңешинин төрайымы болуп эмгектенүүдө.