Бүктөлүү, тоо тектердин бүктөлүүсү – Жер тулкусундагы кыймылдардын же башка сырткы күчтөрдүн таасиринен тоотек катмарларынын толкун сымал ийилиши. Жалпысынан бүктөлүүлөр антиклиналь (тоотек катмарларынын балык жон тартып көтөрүлүшү) ж-а синклиналь (тоотек катмарларынын төмөн ийилген бөлүгү) деп бөлүнөт.

Чоң өлчөмдөгү татаал бүктөлүүлөр антиклинорий ж-а синклинорий деп аталат. Формаларына жараша ар түрдүү болот; жайгашуусуна карата сызыктуу (созулуп жаткан), кыска же тегерек (брахиантиклиналь, брахисинклиналь). Пайда болуу учурундагы тектон. шартка жараша – платформалык, геосинклиналдык ж-а ара бөк (алардын ортосундагы) бүктөлүү деп ажыратылат. Бүктөлүүлөр негизинен 3 жол м-н – тоотек катмарларынын багыты ж-а тик багыт б-ча таасир кылган күчтөрдөн, о. эле чоң кысымдын таасиринен пайда болот. Бүктөлүүнүн натыйжаснда катмарланган чөкмө тектердин түрдүү масштабда ж-а формада бүктөлүштөрү, о. эле жер кыртышында гранит-метаморфизм кабаттары пайда болуп, ири тоо тизмектери жаралат. Бүктөлүү узак убакта пайда болот. Жердин тарыхында архейден (мындан 2,6 млрд.жыл мурда болуп өткөн) тартып төртүнчүлүк мезгилге чейин байкал, каледон, герцин, мезозой же киммерий, альп сыяктуу негизги бүктөлүү замандары болуп өткөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2