Бүлбүлдөө разрядыэлектроддо потенциалдык айырмасы чоң жана андагы ток тыгыздыгы аз учурдагы өзү күйүүчү газ разрядынын бири. Анын күйүү чыңалуусу негизинен электроддордун арасындагы аралыктын басымга болгон көбөйтүндүсү менен катоддогу ток тыгыздыгына көз каранды. Токтун 10–4–10–1 А диапазонунда катоддогу токтун күйүү чыңалуусу жана тыгыздыгы туруктуу калат, катоддук кесилиштин аянты акырындык менен чоңоюп, катодду бүт ээлейт. Ток 10–11 А болгондо бүлбүлдөө разряды аномалдуу мүнөзгө ээ болуп, катоддогу ток тыгыздыгы менен күйүү чыңалуусу кескин чоңоёт. Токтун андан аркы чоңоюшу менен аноддук жарыктаныш секирик түрүндө кичине жаркырак жакка тартылат, күйүү чыңалуусу кескин төмөндөйт. Б. разрядына тиешелүү болгон мамычалуу түзүлүш жоголуп, жаалык разрядга өтөт. Анын өзгөчө формасы көңдөйлүү катод разряды. Ал кадимки бүлбүлдөө разрядынан өтө чоң ток тыгыздыгы жана жаркырактыгы менен айырмаланат. Анын приборлору релелик жана автоматтык түзүлүштө, жарык булагы катары эсептөө техникасында жана башка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү