Бүркөнчөк, бүркөн
Бүркөнчөк, бүркөн – үйлөнүү тоюндагы кыздын кийминин бир бөлүгү. Келин күйөөсүнүн айылына 1– жолу бара жатканда жүзүн баш киймине төйнөлгөн жапырак ак чүпүрөк менен жаап алган, аны бүркөнчөк деп аташкан. Бүркөнчөк келин боз үйгө кирээрде бала же өспүрүм тарабынан алынган. Бүркөнчөктүн ак түстөгү кездемеден болушу, анын ниетинин актыгын, пейлинин тазалыгын билдирген.
Колдонулган адабият
түзөтүү- “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
- “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
- “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
- “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
- “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.
Интернеттик шилтемелер
түзөтүүБул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|