Бүткүл дүйнөлүк желе[1] (англ. World Wide Web, WWW) — интернетке туташтырылган ар кайсы компьютерлерде жайгашкан, өз ара байланышта болгон документтерге жетүүгө мүмкүндүк берген бөлүштүрүү системасы. Бүткүл дүйнөлүк желени миллиондогон веб-серверлер түзөт. Дүйнөлүк тармактын ресурстарынын көпчүлүк бөлүгү гипертексттен турат. Бүткүл дүйнөлүк желеге жайгаштырылган гипертексттик документтер веб-баракчалар деп аталат. Кайсы бир жалпылагыч темага жана дизайнга бириктирилген, ошондой эле өз ара шилтемелер аркылуу байланышкан жана адатта бир веб-серверге жайгаштырылган веб-баракчалардын жыйындысын веб-сайт деп атайбыз. Веб-баракчаларды көрүү жана жүктөө үчүн атайын браузер деп аталган програмдар колдонулат. Бүткүл дүйнөлүк желе маалымат технологияларындагы чыныгы төңкөрүшкө жана Интернеттин өнүгүүсүнө чоң түрткү берди. Көпчүлүк учурда Интернет тууралуу сөз болгондо, бүткүл дүйнөлүк желени максат кылышат. Эскерте кетчү нерсе, бул экөө эки башка түшүнүк экенин унутпоо зарыл. Бүткүл дүйнөлүк желени (World Wide Web) билдирүү үчүн анын баш тамгаларынан кыскартылган WWW аббревиатурасы жана веб (англ. the Web) сөзү да көп иштетилет.

Роберт Кайо тарабынан чыгарылган Бүткүл дүйнөлүк желе логотиби.

Шилтемелер түзөтүү

  1. Интернет боюнча жол көрсөткүч, 2003, 4-бет