Бүткүл союздук пионер уюму

Бүткүл союздук пионер уюму – СССРде 10–15 жашар жеткинчектердин уюму (1922–91). 1922-ж. 19-майда комсомолдун Бүткүл россиялык 2-конференциясында бардык жерде пионер отряддарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, уюм уюшулган жана анын ишин ВЛКСМ жетектеген. СССРдин бардык аймактарында пионер отряддары уюштурулуп, алар турмуштун бардык тармактарына активдүү катышып, өз салымдарын кошкон. 1932–33-ж. Совет бийлиги үчүн Павлик Морозов, Коля Мяготин, Кычан Жакыпов жана башка пионерлер курман болуп, алардын ысмы Бүткүл союздук пионер уюмунун Ардак китепчесине жазылган. Чарбачылыкты өнүктүрүүдөгү активдүү иши үчүн 1935-ж. пионерлердин бир тобуна сыйлыктар ыйгарылган: Мамлакат Нахангова Ленин ордени (Тажикстан), Ишан Кадыров жана Хавахан Атамкулова (Тажикстан), Алексей Фадеев (Ленинград облусу), Буза Шамжановалар (Казакстан) «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланышкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары пионерлер тимурчулар кыймылын кеңири жайылтышкан, дары чөптөрдү, темир сыныктарын чогултушкан, госпиталдарда күзөткө туруп, түшүм жыйноого колкабыш кылышкан. Немец баскынчыларына каршы күрөштөгү эрдиги үчүн Лёня Голиков, Марат Казей, Зина Портноваларга Советтер Союзунун Баатыры деген наам наам берилип, миңдеген пионерлер орден жана медалдар менен сыйланган. 1962-ж. Бүткүл союздук пионер уюму түзүлгөнүнүн 40 жылдыгына карата Ленин ордени менен сыйланган. Пионерлер үчүн «Пионерская правда» гезити, 35 журнал, ошондой эле республикалык гезит-журналдар чыгарылып турган, Кыргызстанда «Кыргызстан пионери» гезити, «Жаш ленинчи» журналы чыгарылган. 1991-ж. СССРдин таркашы менен Советтер Союзунун Еоммунисттик партиясы (КПСС), Бүткүл союздук лениндик коммунисттик жаштар союзу (ВЛКСМ) менен катар эле, Бүткүл союздук пионер уюму да өз иш-аракеттерин токтоткон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү