Тажикстан

Орто Азиядагы өлкө

Тажикстан же Тажикстан Республикасы (таж. Ҷумҳурии Тоҷикистон) — Борбордук Азиянын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Батышынан жана түндүгүнөн Өзбекстан, Кыргызстан, чыгышынан Кытай, түштүгүнөн Ооганстан менен чектешет.

Тажикстан Республикасы
таж. Ҷумҳурии Тоҷикистон

Герб
Туу Герб
Гимн: «Тажикстан Республикасынын Улуттук гимни»
Негизделген 14 октябрь 1924-жылы (Тажик АССР)
Эгемендүүлүк күнү 9 сентябрь
1991-жыл

Кеңештер Бирлиги)

Расмий тили тажикче (мамлекеттик),
орусча (улут аралык сүйлөшүү тили)
Борбор шаары Душанбе
Ири шаарлар Душанбе, Кожент, Көлөп, Коргон-Төбө, Истаравшан, Канибадам, Пенжикент, Хорог, Турсунзада
Башкаруу формасы Президенттик республика
Президент
Премьер-министр
Эмомали Рахмон
Кохир Расулзада
Мам. дини Динден тышкары
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
93 - дүйнөдө
143 000. км²
0,3
Калкы
• Бааланган (2024)
Жыштыгы

10 378 496[1] адам (95)
57,2 ад./км²
АДӨИ  0,622 (орточо) (125)
Этнохороним тажикстандык, тажикстандыктар
Акча бирдиги Сомони
(TJS, код 972)
Домени .tj
ISO коду TJ
ЭОК коду TJK
Телефон коду +992
Убакыт аралыгы UTC +5

Тажикстан – КМШ өлкөлөрүнүн (1991), Коллективдүү коопсуздук келишим уюмунун (1992), БУУнун (1992), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1993), Евразия экономика коомунун (ЕврАзЭС, 2001), Шериктеш өлкөлөрдүн саммитинин (ШКУ, 2001) ИНТЕРПОЛдун (2004) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

түзөтүү

Тажикстан унитардык мамлекет. Конституциясы 1994-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы президент (1994-жылдан Эмомали Рахмон). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – парламент (Мажлис Оли). Тажикстанда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары – Тажикстан элдик-демократиялык партиясы, Тажикстан коммунисттик партиясы, Тажикстан. социалисттик партиясы, Тажикстан демократиялык партиясы, Тажикстан социал-демократиялык партиясы

Табияты

түзөтүү

Тажикстан – тоолуу өлкө. Аймагынын 93%ин Теңир-Тоо чокусу, Ысар-Алай, Памир системасына кирген тоолор ээлейт. Түндүгүндөгү курама кырка тоосу, Могол-Тоо менен Түркстан кырка тоосунун ортосунда Фергана өрөөнүнүн батыш чети жатат. Борбордук бөлүгүн Алай кырка тоосунун батышы, түндүк-батышын Түркстан (бийиктиги 5509 мге чейин, Пирамидальный чокусу), Заравшан (5489 м, Чимжарга чокусу), Ысар (4881) кырка тоолору ээлейт. Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Памир бийик тоо системасында О. Азиядагы эн бийик жер [бийиктиги 7495 м, Коммунизм (учурда Исмаил Самани) чокусу] жайгашкан. Түштүк-батышы жапыз (Вахш, Ысар ж. б. өрөөндөр). Климаты кескин континенттик. Өрөөндөр менен түздүктөрдөгү (500 м бийиктикке чейин) январдын орточо температурасы –1... –3°С (түштүгүндө), –20°С түндүгүндө, июлдуку түндүгүндө 27°С, түштүк-батышында 10–12°С, түштүгүндө 30°С. Жылдык жаан-чачыны 150–300 мм, түштүк-батышында 1200–2000 мм (500–1500 м бийиктикте). Негизги дарыялары: Сыр-Дарыя (куймалары Вахш, Пянж, Кафирниган), Исфара, Козу-Баглан, Аму-Дарыя, Кара-Суу, Ак-Суу, Заравшан. Ири көлдөрү: Кара-Көл, Сарез, Искендер-Көл, Жашыл-Көл. Суу сактагычтары: Кайрак-Кум («Тажик көлү»), Нурек, Фархад. Каналдары – Ысар, Дальверзин, Чоң Фергана, Түндүк Фергана (тажик жак бөлүгү). Топурак менен өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук боюнча таралат. Өрөөндөрү менен адырлары боз топурактуу келип, эфемер-шыбактуу (түндүк) жана эфемер өсүмдүктөрү (түштүк) өсөт. Адырлардын бийик бөлүгү жана тоо капталдары (2000–2500 м) түндүгүндө (күңүрт-боз топурактуу) буудайыктуу талаа, түштүгүндө (күрөн топурактуу) шыбактуу чөл өсүмдүктөрү менен капталган. Ушул эле алкакта ачык-күрөң топуракта арча, мисте жана жазы жалбырактуу токой өсөт. 2500–3500 м бийиктикте дандуу жана шалбалуу талаа өсүмдүктөрү, 3000–3500 мден жогору альп шалбаасы таралган. Чыгыш Памирде суйдаң чөл өсүмдүктөрү, Батыш Памирде (3800 мге чейин) чөл жана жарым чөл, 4200 мге чейин шыбак-дан өсүмдүктүү талаа, андан жогору чөп өсүмдүктөрү басымдуу. Коруктар (Балка, Рамит, Жолборстуу Коо жана Даштижум) уюштурулган.

Элинин негизин тажиктер (79%) түзөт. Ошондой эле кыргыздар (19%тен ашык), памирлик кыргыздар, өзбектер, орустар, татарлар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Расмий тили – тажик тили. Мусулман динин (сүнөттөр) тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 56,3 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектердики – 66 жаш, аялдардыкы – 72. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 34,6), өлүм-житим төмөн (1000ге 6,6, ымыркайлардыкы жогору 1000ге 60,4). Шаар калкы 26,3%. Ири шаарлары: Дүйшөмбү, Кожент (Худжанд).

Тарыхы

түзөтүү

Археологиялык табылгаларга караганда Тажикстан аймагын адам төмөнкү палеолиттен баштап мекендеген. Тажикстанда биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 1-жарымында согдулуктар, бактриялыктар ж. б. уруулар жашаган. Тажикстандын аймагы Орто Азиядагы байыркы кул ээлик мамлекеттер – Бактрия менен Согдуга караган. Биздин заманга чейинки 6-4-кылымда персия бийлигинде болгон. Биздин заманга чейинки 329-жылы А. Македонский басып алган. Биздин заманга чейинки 3-кылымдын ортосунда Грек-Бактрия падышалыгына, ал кулаган соң Кушан падышалыгына караган. Ушул мезгилде алардын айыл чарбасы, кол өнөрчүлүгү менен соодасы өнүгүп, шаарлары өскөн. Биздин замандын 4-кылымында Кушан падышалыгы кулаган соң, Тажикстан аймагында Эфталиттер мамлекетинин курамына кирген бир катар княздыктар болгон. 6-кылымдын ортосунда эфталиттерди Түрк кагандыгы караткан. 4–6-кылымда Тажикстанда феодалдык мамилелер өнүгө баштаган. 7–8-кылымда арабдар басып алып, 9–10-кылымда Тажикстан Тахириддер жана Саманиддер мамлекеттеринин курамына кирген. Саманиддердин мезгилинде тажик эли калыптанып бүтүп, Тажикстандын азыркы тарыхы башталган. Экономиканын өнүгүшү менен маданияты да гүлдөп, 10–11-кылымда атактуу окумуштуулар Ибн Сина, Бируни, акындар Рудаки, Фирдоуси ж. б. өз чыгармаларын жараткан. Феодалдык ич ара согуштардын натыйжасында Саманиддер мамлекети начарлап, анын ээлигин 999-жылы Караханиддер басып алган. Аларды 12-кылымда кидандар талкалаган. Тажикстанды 1219–21-жылдары моңголдор каратып, Чагатай улусуна бириктирген. 14-кылымдын 2-жарымында Тажикстандын басымдуу бөлүгү Тимурдун мамлекетине, ал кулаган соң Бухара хандыгына караган. 1860-жылы Тажикстандын түндүк бөлүгү Россия империясынын курамына кошулган. Улуу Октябрь социалисттик революциясы жеңген соң (1917), Тажикстан аймагында Совет бийлиги орногон. 1918-жылы апрелде Түркстан АССРи түзүлүп, Тажикстандын тең бөлүгү анын курамына кирген. 1918–23-жылдары Тажикстанда жарандык согуш болгон. 1920-жылы Бухара хандыгында (Тажикстандын көпчүлүк аймагы караган) элдик революция башталып, 1920-жылы октябрда Бухара Советтик Эл Республикасы жарыяланган. Кызыл Армиянын бөлүктөрүнөн түзүлгөн Гисар экспедициялык отряды 1921-жылы февралда Дүйшөмбүнү, мартта Кулябды бошоткон. 1921-жылдын күз айынан 1923- жылдын жай мезгилине чейин Тажикстанда басмачылардын отряддары күч алган. О. Азиянын улуттук мамлекеттик бөлүнүшүнүн натыйжасында 1924-жылы 14-октябрда ББАКтын сессиясы Өзбек ССРинин курамында Тажик АССРинин түзүлүшүн бекиткен. СССР БАКтын Президиумунун чечими боюнча Түндүк Памир 1925-жылы январда Тажик АССРинин курамына Тоолуу-Бадахшан АОсу болуп кошулган. 1929-жылы декабрда Тажик АССРи Тажик ССРи болуп кайра түзүлүп, СССРдин курамына кабыл алынган. 20-кылымдын 90-жылдарынын башындагы саясий окуялар СССРдин кулашына алып келип, жаны мамлекеттик түзүүлөр негизделген. 1991-жылы 9-сентябрда Тажикстан Республикасынын көз каранды эместиги жарыяланып, 21-декабрда КМШнын курамына кирген. 1992-жылы 5-майдан 1997-жылдын 27-июнуна чейин Тажикстанда жарандык согуш (өлкөнүн мурдагы президенти Р. Набиев жана анын жактоочулары менен оппозициянын ортосундагы карама-каршылык согушка алып келген) болгон. Согуш жылдарында өлкөнүн эл чарбасынын тарткан зыяны 10 млрд долларды түзүп, жүздөгөн адам жоготууларына алып келген. 1 млн адам жер которууга аргасыз болгон (анын ичинде 60 миңи Афганстанга өтүп кеткен). 1992-жылы Р. Набиев президенттиктен баш тартып, өлкө башчылыгына – Шурои Олинин төрагалыгына Э. Ш. Рахмонов (1994-жылы 6-ноябрдан өлкө президенти) шайланган. 1997-жылы 27-июнда бийлик менен оппозиция бир пикирге келип, республикада бул күн – «Улуттук биримдик күнү» мамлекеттик майрам деп белгиленген. 2000-жылы Тажикстандын улуттук акчасы – «сомони» киргизилген. 2009-жылы 5-октябрда «Тажикстан Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө » жаңы мыйзам кабыл алынып, республикада 5-октябрь – «Мамлекеттик тил күнү» деп жарыяланган.

Чарбасы

түзөтүү

Тажикстан – экономикасы жакыр өлкө. Чарбасын рыноктук ыкма менен жүргүзүүгө ыңгайлашууда. Экономикасында маанилүү орунду эмгек мигранттарынын которгон акчасы (негизинен Россиядан) ээлейт. ИДПнин көлөмү 13,8 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 950 доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 59,2, өнөр жайдыкы 21,9, айыл чарбаныкы 18,9. Ири өнөр жай тармактарын мамлекет көзөмөлдөйт. Коргошун, цинк, сейрек кездешүүчү металлдар, сымап, уран, алтын жана аз өлчөмдө күрөн көмүр, нефть, жаратылыш газы казылып алынат. Электр энергетика өнөр жайы өнүккөн. Вахш дарыясында жана каналында, Сыр-Дарыяда ГЭСтер курулган. Гидроэнергетика ресурстары боюнча дүйнөдө 8-, КМШда 2-орунда (Россиядан кийин). 2009-жылы 16,1 млрд кВт∙с электр энергиясы өндүрүлгөн (негизинен ГЭСтен). Ири өнөр жай тармактары: Тажик алюминий заводу (Турсунзаде шаарында), жылына 500 миң тонна өндүрөт; негизинен сырттан алынып келинген продукциянын негизинде, жеңил (пахта тазалоо, кебез жана жибек кездеме, тигүү), тамак-аш, химиялык (жер семирткич). Кол өнөрчүлүк (анын ичинде килем токуу), сугат дыйканчылыгы өнүккөн. Пахта, дан эгиндери, жашылча-жемиш, тамеки өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, бакчачылык (дарбыз, коон), жибекчилик өнүккөн. Мал чарбачылыгы эт-жүн, эт-сүт багытында. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 27,8, темир жолунуку 0,68. Экспортко алюминий, электр энергиясы, пахта, жемиш (анын ичинде кургатылганы), суу май (негизинен пахта майы), текстиль буюмдары чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Россия, Нидерланд, Түркия, Кытай, Казакстан.

Билим берүүсү

түзөтүү

Мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, атайын орто, жалпы жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Тажикстанда 3,5 миң жалпы билим берүүчү мектеп бар. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 89%ти түзөт (2013). Жогорку окуу жайларынын көбү Душанбе шаарында жайгашкан. С. Айни атындагы мамлекеттик университети (1931), Абу Али ибн Сина атындагы мамлекеттик медициналык университети (1939), Тажикистан технологиялык университети (1990), ошондой эле ири музейлери, китепканалары иштейт. «Жумхурият», «Садои мардум», «Народная газета», «Халк овози», «Оила» ж. б. гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруу 1958-жылдан, телекөрсөтүү 1960-жылдан, маалымат агенствосу 1974-жылдан иштейт.

Адабияты

түзөтүү

Тажикстан адабияты элдик оозеки чыгармалардын таасиринде иран тилинин негизинде өнүккөн. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 1-жарымынан диний-тарыхый жазма эстелик «Авеста», биздин заманга чейинки 4-кылымдан согд тилиндеги каттар, парфия тилиндеги дастандар, манихей динине байланыштуу тексттер кирет. Тажик адабий тили (фарси-дари) 7–10-кылымда калыптанган. Тажик поэзиясынын туңгуч классиги – Рудаки. 10-кылымдын 2-жарымында Абу Мансур Дакики классикалык казалдарын жана касыйдаларын жараткан. А. Фирдоусинин «Шах-намеси» – тажик жана иран поэзиясынын туу чокусу. 11-кылымдан Абу Али иби Сина, Омар Хайям ж. б. поэзияда философиялык лириканын өнүгүшүндө зор салым кошкон. Насир Хосров заманга ылайык прогрессчил идеяларды колдогон чыгармаларды жараткан. 11–12-кылымда тажик адабиятында суфизм мотивдери байкалып, ашкере шаңдуу сарай поэзиясы өнүккөн. Ошол эле учурда көркөм проза («Кабуснаме», «Калила менен Димнанын» котормосу, «Синдбада-наме» ж. б.) да пайда болгон. Моңгол жапырыгы тажик маданиятына чоң зыян келтирген. Белгилүү маданият ишмерлери чет мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болушкан. Индияда Хосров Дехлеви классикалык ырларын, Амир Хирав «Хамса» («Бешилтик») поэмалар циклин, Кичи Азияда Жалаледдин Руми «Маснавин манави» («Насыят саптары») жана «Диван» («Ыр жыйнагы») чыгармаларын жараткан. Азербайжан акыны Низами да чыгармаларын негизинен фарсы тилинде жазып, тажик, иран адабиятынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Белгилүү перс акындары Саади, Хафиз, К. Хужанди, У. Зокони да тажик адабиятынын тарыхына закондуу түрдө кирген. 15-кылымда тажик маданиятынын О. Азиядагы жана Хорасандагы борборлору кайра жандана баштаган. Бул учурда А. Жами Герат шаарында жашап, адабий мектепке негиз салган. 16–19-кылымда тажик адабиятын негизинен герат адабий мектебинин салттарын өөрчүткөн. Алардын эң ирилери: Бинои жана Хилохи, Мушфики, С. Насафи, Бедиль. 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында тажик тилиндеги адабияттын кедери кеткен. О. Азия Россияга кошулгандан кийин тажик адабиятында А. Доништин ысмы менен байланышкан агартуучулук агым пайда болуп, 20-кылымдын башында жадидизм агымын жолдогон жазуучулар чыккан. Октябрь революциясынан кийин тажик совет адабиятынын жаңыча өнүгүш доору башталган. Бул адабияттын төл башы – С. Айнинин «Азат маршы» (1918). 20-жылдары адабият майданына П. Сулаймони, Ж. Икрами, С. Жавхаризаде, М. Аминзаде, иран акыны акыны А. Лахути келген. С. Айнинин «Одина» (1924) повести жана «Дохунда» (1930) романы жазылган. 1930-жылдары тажик жазуучуларынын катарына М. Турсунзаде, М. Миршакар, С. Улугзаде, А. Дехоти, X. Рахими ж. б. кошулган. Согуштан кийин М. Турсунзаденин «Индия балладасы» жана «Хасан арабакеч», М. Миршакардын «Багынбас Пянж» поэмалары, Улугзаденин «Жаңырган жер», Ф. Ниязинин «Айныбастык», Р. Жалилдин «Шураб» романдары, С. Айнинин «Эскермелери» (1–4-бөлүк, 1949–54) жаралган. 1960–70-жылдары М. Турсунзаденин «Гангдан Кремлге чейин», М. Каноаттын «Сталинград үндөрү» поэмалары, Ж. Икраминин «Бухаранын он эки капкасы», С. Улугзаденин «Восе» романдары жарык көргөн. Белгилүү жазуучулары: А. Шукухи, Ф. Ансори, Ф. Мухаммадиев, Лонк Шерали, К. Карам ж. б. Адабият илими жана сыны боюнча Н. Масуми, И. С. Брагинский, А. Мирзоев, Ш. Хусайнзаде, А. Сайфуллаев сыяктуу адабиятчылары эмгектенет. Тажик жана кыргыз адабияттарынын өз ара байланышы абдан жакшы өөрчүгөн. С. Айни, A.JIaxyти, М. Турсунзаде, С. Улугзаде, М. Миршакар ж. б. акын-жазуучулардын чыгармалары кыргызчаланган. Тажик акын-жазуучуларынын айрым чыгармаларынан куралган «Памир жылдыздары» (1962); «Памир абасы» (1975) ж. б. антологиялык типтеги жыйнактар жарык көргөн. 1960–70-жылдары Кыргызстанда тажик адабиятынын, Тажикстанда эки сапар кыргыз адабиятынын күндөрү өткөрүлгөн.

Архитектурасы жана сүрөт искусствосу

түзөтүү

Тажикстан аймагында байыркы Орто Азиянын жергиликтүү жана көчмөн урууларынын маданий эстеликтери сакталган. Байыркы жана орто кылымдагы искусствонун өнүгүшүнө Тажикстандын Батыш жана Чыгыш соода жолдорунда жайгашып, Иран, Индия, Чыгыш Түркстан, Кытай ж. б. өлкөлөр менен маданий-экономикалык карым-катнашта болушу чоң таасир тийгизген. Тажикстанда биздин заманга чейинки 15–10-миң жылдыктагы аска беттериндеги жазуулар (Мургаб кыштагынан 40 км түштүк-батышта, Чыгыш Памир), коло доорундагы (биздин заманга чейинки 1-миң жылдык) турак жай калдыктары, геометриялык оймо-чиймелүү одуракай карапа, жөнөкөй формадагы асем буюмдар, түштүгүндө, Вахш, Бешкент өрөөндөрүндө көчмөн уруулардын мүрзөлөрүнөн түрдүү карапалар (мискей, цилиндр формасындагы идиштер), коло бычак, шамшар, күзгү, төөнөгүчтөр табылган. Биздин замандын 5–8-кылымында Тажикстанда негизин мунаралуу дубалдар түзгөн турак жайлуу (Пенжикент) шаарлар, арабдар басып алгандан кийин Тажикстан архитектурасында мечит, мунара (минарет), медресе, күмбөз ж. б. мусулман салтына ылайык курулуштар пайда болгон. Мисалы, Исфаранын жанындагы Калай-Боло коргону, Хулбук сарайы (10–12-кылым), жогорку Заравшандагы Айни, Рарз, Фатмев минареттери, Регардын жанындагы Хожа-Нахшран (11–12-кылым), Хожа-Машад күмбөздөрү ж. б. 14-кылымдын аягы – 15-кылымдын башындагы тажик монументтүү зодчествосунун ири жетишкендиктерине; Мухаммед Башшар күмбөзү, Самаркан, Шахрисабз ж. б. шаарлардагы дүйнөгө белгилүү темурилер архитектуралары, Кулябдагы Мир-Сеид-Хамадинин күмбөзү, Наугилемдеги Абдулла-хандын мечити, Ленинабаддагы шейх Муслехеддиндин мечит-күмбөзү, Көк-Күмбөз мечити, Баба-Тага жана Ажинахан күмбөздөрү кирет. Тажикстанда Совет өкмөтү орногондон кийин шаарлар боюнча курула баштаган. 30-40-жылдары коомдук жайларды курууда орто кылымдагы Орто Азия сүрөт өнөрүнүн элементтери камтылган классикалык формалар колдонулган. 30-жылдардан эски материалдардын – кирпич, чопо, жыгач ордуна бышкан кирпич, бетон жана темир-бетон колдонула баштаган. Сүрөт искусствосу заманга жараша өнүгүүдө. Белгилүү сүрөтчүлөрү: A. М. Орлов, С. А. Хошмухамедов, А. Ашуров, С. Е. Захаров, В. И. Серебрянский, A. Т. Аминжанов, О. А. Ахунов, К. Жумагазин ж. б.

Музыкасы

түзөтүү

Тажикстан эл музыкасына диатоникалык жана табигый лад мүнөздүү. Аткарууда мелизм ыкмасы көп колдонулат. Эл аспаптары: дутар, думбрак, кашкар рубабы, гижак, най, керней, сурнай, чанг, таблак, нагора, дойра, занг, кайрок, сетор, даф. Совет бийлигинин орношу менен Тажикстан музыкалык маданиятында жаны доор башталган. Улуттук салттардын негизинде көп үндүү музыка, музыкалык драма, опера, балет жанрлары жана симфониялык оркестрге жазылган чыгармалар жаралган, 1929-жылы музыкалык техникум (Ленинабад), сүрөтчү, музыкант, бийчилерди даярдоочу Көркөм комбинат (Дүйшөмбүдө), 1929-жылы Дүйшөмбүдө драма театры (1934-жылы андан музыкалык драма труппасы бөлүнүп чыккан), 1938-жылы филармония ачылган. Туңгуч улуттук опера («Восе көтөрүлүшү») 1939-жылы коюлган. Көрүнүктүү композиторлору: С. Баласанян, Я. Сабзанов, Ш. Сайфиддинов, Д. Дустмухаммедов, 3. Шахиди, С. Хамраев, А. Одинаев, А. Ядгаров, А. Салиев, Ф. Бахор ж. б. Республикада (1976) Тажик опера жана балет театры, A. С. Пушкин атындагы Республикалык музыкалык комедия театры, А. Рудаки атындагы Областтык музыкалык комедия театры, музыкалык драма театры, Өзбек музыкалык драма театры, филармония, рубабчылар ансамбли, эл аспаптар жана шашмакомистер ансамбли, искусство институту, музыкалык окуу жайы, Республикалык атайын орто музыкалык окуу жайы, музыкалык мектеп-интернат, 52 балдар музыкалык мектеби, Тажик композиторлор союзу иштейт.

Театры

түзөтүү

1919-жылдан музыкалык-театр ийримдери уюшулуп, 1929-жылы Дүйшөмбүдө биринчи улуттук театр уюшулган (азыр Лахути атындагы Тажик мамлекеттик академиялык драма театры). 1930-40-жылдары театрда А. Усманов, С. Улугзаде, Ж. Икроми ж. б. тажик авторлорунун граждандык согуш жылдарындагы эркиндикке умтулган күрөш жөнүндөгү пьесалары коюлган. Театр репертуарынан драматургиянын классикалык чыгармалары: «Сүйүү жана жүзү каралык» (Ф. Шиллер), «Отелло» (У. Шекспир), орус авторлорунун пьесалары орун алган. 1940–50-жылдары Республикасынын, тажик жаштарынын турмушу тууралуу: «Саодат» (С. Саидмурадов жана М. Рабиев), «Шодиена» (М. Закиров), «Экзамен» (Ф. Асори); тарыхый-революциялык темадагы; «Дохунда» (Ж. Икроми, С. Айниники боюнча), «Бороон» (Ш. Киямов, Г. Абдулла) спектаклдери коюлган. Театр сахнасы дүйнөлүк классикага айланган «Ромео жана Жульетта» (1947), «Король Лир» (1957, Шекспир), «Күнөөсүз күнөөлүүлөр» (1965, Островский), «Сүйүү жана кылыч» (1974, А. Каххар) ж. б. драмалык чыгармалар менен толукталды. Театрдын өнүгүшүнө СССР эл артисти М. Касымовдун, Тажик ССР эл артисти Г. Бакаеванын ж. б. эмгеги зор. Театр искусствосунун чеберлери – СССР эл артисти А. Бурханов, Н. Н. Волчков, Т. Фазылова, Тажик эл артисти Б. Алифбекова, М. Вахидов, Т. Гафаров ж. б. Тажикстанда Лахути атындагы Тажик академиялык драма театры, Дүйшөмбүдөгү Тажик жаштар театры, Ленинабаддагы A. С. Пушкин атындагы Республикалык музыкалык-комедия театры, Хорогдогу А. Рудаки атындагы Областтык музыкалык-комедия театры ж. б. театрлар иштейт.

Киносу

түзөтүү

Тажикстанда 1929-жылдан фильмдер кыска метраждуу документ жана хроника фильмдери тартылып, «Советтик Тажикстан» мезгилдүү киножурналы чыга баштаган. 1930-жылы «Тажиккино» трести уюшулган. Алгачкы тажик көркөм фильмдери «Эмирлер көр оозунда» (1932), «Эмигрант» (1934, режиссёр К. Я. Ярматов). Биринчи үндүү көркөм фильми «Бак» (режиссёр Н. В. Досталь) жана «Достор кайрадан жолугушат» (режиссёр Ярматов; экөө тең – 1939). Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Дүйшөмбүдө Москванын «Союздетфильм» студиясы иштеген. Дүйшөмбү бириккен киностудиясы көркөм жана документ тасмаларын чыгарып турган. 1950–60-жылдары жаңы темадагы фильмдер тартылып, улуттук кинодраматургия жана режиссура жаралган, башкача айтканда Кимягаров «Дохунда» (1956, С. Айнинин романы боюнча) фильмин тарткан. Кийин «Менин досум Наврузов» (1957), «Жогорку кызмат» (1958) ж. б. фильмдер тартылган. 1960–70-жылдары улуттук жаш кинорежиссура калыптанып, М. С. Ариповдун («Ниссо», 1966), М. К. Касымовдун («Жура-Саркор», 1970), С. М. Хамидовдун («Эски мечиттеги кезигүү», 1969) ж. б. фильмдери коюлган. Документ кинолору да бир кыйла ийгиликке жетишкен («Саламатсыңбы, Тажикстан», 1960; «Тажикстан жөнүндө төрт ыр», 1964 ж. б.). «Тоо ыры» (1969), «Ак көңүл Насым» (1970) сыяктуу мультипликациялык фильмдер тартылган. Тажик кинематографистер союзу 1962-жылы уюшулган.

Булактар

түзөтүү
  1. https://countrymeters.info/ru/Tajikistan