Бүтүм – жарандын жана юридикалык жактын жарандык укук менен милдеттерди белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган аракети. Жарандык укук менен жарандык мыйзамдар институту Б-дүн бирнече түрүн бөлүп көрсөтөт. Баарыдан мурда, Б. эки же көп жана бир тараптуу болушу мүмкүн. Б. ошондой эле шарттуу (т. а. кийинкиге калтыруу же жокко чыгаруу шарттары алдында жасалган), бекер жана акы төлөнгөн, тил табышуучулук жана иш жүзүндөгү, каузалдык болушу мүмкүн. Б. оозеки же жазуу жүзүндө (жөнөкөй же нотариалдык) түзүлөт. Кээбир учурларда мыйзам Б-дүн мамлекеттик каттоодон өтүшүн талап кылат. Милдеттүү мыйзам талаптарына жооп бербеген Б. сот тарабынан ушундай деп таанылгандыктан (талаш бүтүм), болбосо мындай деп таанылбай туруп эле (жараксыз бүтүм), жараксыз болуп саналат. Жараксыз Б. ал жасалган маалдан тартып эле ушундай болуп саналып, анын жараксыздыгы менен байланышкандан башкасы, юридикалык кесепетин тарттырбайт. Ошону менен бирге, баардык тарап алган нерселеринин баардыгын кайтарып берүүгө милдеттүү (кара:Реституция).

== Колдонулган адабияттар ==