Бөгөжү - байыркы кыргыз урууларынын бири болорун аныктаган далилдер бар. Параллелдери хакастардагы туба, койбалдардын жана Чыгыш Саяндардагы хакас-камассиндердин курамдарынан «пөгечи», «бугажы» формаларында кездешет. Бул маалыматтар бөгөжүлөрдүн (хак. пөгечи, бугажы) байыркы мезгилдерде өз алдынча кыргыз уруусу болгондугун айгинелээри шексиз. Хакастардын тарыхый фольклору пөгечилерди 1703-ж. Жунгарияга күч менен көчүрүлгөн энесайлык кыргыздардын калган бир бөлүгү экендигин баяндайт. Мындан сырткары, кыргыздарга теги жакын экендиги далилденип жаткан сары уйгурлардын уруулук курамында да «пөгеши» (яглагкыр уруусунда) аттуу урук бар экендиги аныкталды. Хакас профессору В.Я. Бутанаевдин иликтөөлөрүндө казактын улуу жүзүнүн курамындагы «бөгечи» уругу 1703-жылы көчүрүлгөн энесайлык кыргыздардын урпактары экендиги аныкталып келет. Жогорудагы фактылар байыркы кыргыздардын уруулук курамын, түзүлүшүн тактоодо негиздүү маалымат болору шексиз. Бөгөжү - кыргыздын кытай уруусунун курамындагы ири урук аталышы катары белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү