Бөйрөк-Туз туз кени Жалал-Абад облусунун Тогузторо районунда, Алабуга суусунун куйган жеринен 4–4,5 км түштүк-батышта, Көк-Мойнок кыштагынан 10 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1950–2000 м бийиктикте. Туз-гипстүү свитасынын катмарларында калыңдыгы 10–22 м, узундугу 1 км созулган, галит-глауберит туздарынын аралашмасынан турган горизонт аныкталган. Аралашманын калыңдыгы 0,5–3,6 м. Галиттин орточо өлчөмү – 74,55%. Туз мал жегенге жарайт. Запасы С2 категориясы боюнча 140,6 миң т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү