Бөктөргө (лат. Circus cyaneus) - күндүзгү жырткыч канаттуулар түркүмүнө кирген кулаалылар уруусундагы куш.

Бөктөргө.
Circus cyaneus

Түсү боюнча эркек-ургаачысы бири биринен өтө айырмаланып турат. Евразия менен Америкада кеңири таралган. Ал Кыргызстандын бардык райондорунда кездешет. Жай күндөрү Бөктөргөнү тоо этектеринен, өрөөндөрдөн көрүүгө болот. Жайында деңиз деңг. 2800- 2900 м бийиктиктеги Суусамыр өрөөнүнө чейин барат. Күзүндө жылуу жакка учуп кетет. Бирин-сериндеп Чүй, Талас өрөөндөрүндө кыштайт. Жазында учуп келип, уясын жерге салат. Июлдун башында 3-5 жумуртканы 30 күн басып, балапан чыгарат. Бөктөргө майда омурткалуу жаныбарларды жейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.