Бөлө - бир тууган кыздардын балдары. Бир атанын, бир уруктун кыздарынан төрөлгөн балдар-кыздар бири-бирин “бөлөбүз” дешет. Бир ата-энеден туулган кыздардын балдары карын бөлө болуп эсептелет.
Бөлөлөр кыздардын – эже-сиңдилердин балдары болгондуктан бири-бирин колдон келишинче сый-урматташат. Булар да бири-бирине үйлөнүшкө болот. Себеби, алардын эли-журту башка. Баш кошууга генетикасы уруксат берет. Бөлөлөрдүн өз ата-апалары бири-бирине тайжезде, таэже аталат. Чоң аталары таята болот. Демек, кыздардын балдары таятага небере аталат. Кыздардын балдары да ага-ининин балдарындай жакын сезилет. Ошондуктан “бөлөм, бөлөм үчүн өлөм” деген накыл кеп жаралган. Бөлөлөр эненин төркүндөрүнө жээн аталат.

Адабият түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. “Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү” Бишкек – 2000 “Шам” басмасы. ISBN 9767-10-030-3