Бөөчө – Жаш балдар ыйлаганда коркутуп-сооротуу үчүн айтылган сөз. Бөө + чө – “бөө сымал”, “бөө сыяктуу” же “бакшы, шаман сыяктуу” маанисин туюнтат. Термин кыргыздардын байыркы шаман дининен кабар берет. Кийген кийими, шалдыраган асасы, үрбүсү (орбо) аркылуу балдарга коркунучтуу болуп көрүнгөн.

Адабият түзөтүү

  • О. Каратаев; С. Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Б.,"Бийиктик" - 2005-жыл.