ВКП(б)нин он алтынчы съезди
ВКП(б)нин он алтынчы съезди - 1930-ж. 26-июндан 13-июлга чейин Москвада өткөн.
Ага партиянын 1 260 874 мүчөсүнөн жана 711 609 мүчөлүгүнө кандидатынан чечүүчү добуш менен 1268, кеңеш берүүчү добуш менен 891 делегат катышкан. Съезд БКнын саясий жана уюштуруу отчётун, Борб. текшерүү комиссиясынын, БККнын, Коминтерндин Аткомундагы ВКП(б) делегациясынын отчётторун, о. ж-да беш жылдык пландын орундалышын, колхоз кыймылы жана айыл чарбасын көтөрүү маселелерин, реконструкция мезгилиндеги профсоюздардын милдеттерин талкуулап, партиянын борб. органдарын шайлаган. 15 - съездден 16-съездге чейинки мезгил капит. өлкөлөр үчүн да, СССР үчүн да маанилүү мезгил болгон. Бирок капит. өлкөлөр менен СССРдин абалынын өзгөрүшүндө кескин айырмачылыктар бар эле. СССРдин эл чарбасы айныбай өйдөлөп жатса, капит. өлкөлөрдүн экономикасы кризиске терең баткан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.