ВКП(б)нин он жетинчи съезди
Бул макаланы «<макала аты>» макаласы менен бириктирүү сунушталууда. |
ВКП(б)нин он жетинчи съезди - 1934-ж. 26-январдан 10-февралга чейин Москвада өткөн.
Ага партиянын 1 872 488 мүчөсүнөн жана 935 298 мүчөлүгүнө кандидатынан чечүүчү добуш м-н 1225, кеңеш берүүчү добуш м-н 736 делегат катышкан. Анда БКнын, Борб. текшерүү комиссиясынын, БККнын, Коминтерндин Аткаруу комитетиндеги ВКП(б)нин делегациясынын отчёттору, 2-беш жылдык план, парт, жана сов. курулуштун уюштуруу маселелери талкууланып, партиянын борб. органдары шайланган; ВКП(б) БКнын саясий багыты, практикалык иши бир добуштан жактырылып, эл аралык абалга терец анализ жасалган; биринчи беш жылдык план мөөнөтүнөн мурда (4 жыл 3 айда) аткарылышына байланыштуу чарб. ийгиликтерге баа берилип, СССР эл чарбасын өнүктүрүүнүн 2- беш жылдык планын (1933—37) түзүү үчүн директива кабыл алынган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|