Вавилов мыйзамылюминесцен­циянын кванттык чыгышынын дүүлүктүрүүчү жарыктын толкун узундугуна көз карандылыгын аныктоочу мыйзам.

Эгер дүүлүктүрүүчү жарык толкунунун узундугу люминесцен­циянын максимум спектринин тол­кун узундугунан чоц болсо, люминесценциянын кванттык чыгышы өтө тез азаят. Бул кубулуш жарык­тын квант теориясы боюнча люминес­ценция кезинде чыккан жарык квантынын саны жутулган жарык квантынын санына түз пропорциялаш экендигин көрсөтөт.

Вавилов мыйзамы люми­несценция берүүчү суюк жана катуу эритмелер, молекулалык кристаллдар жана жарыктын активатору жуткан кристаллофосфорлорго да колдонулат.

Булактар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.