Вакф (вакуф, араб. وقف, көптүк түрдө араб. أوقاف, аукаф; түрк. vakıf, хабус (арабча кармап калуу)) — Ислам укугунда мамлекет же башка адам тарабынан кайыр-садака максатында берилген же кайрымдуулук жана диний муктаждыктар үчүн атайын ыйгарылган ошондой эле мураска калтырылган (берилген) кыймылдуу-кыймылсыз мүлк. Вакфтан салык алынбайт, конфискацияланууга жана камакка санкцияланууга жатпайт. Ислам уламаларынын ырастоолору боюнча вакфка карата бардык менчиктөө укуктарынын күчү түбөлүккө токтотулат. Вакф мурасталбайт, белекке берилбейт, сатылбайт. Вакф 11-кылымдан тартып, мусулман өлкөлөрүндө кеңири тараган. Вакфтын каражаттарынын туура сарпталышын жогорку көзөмөлчү кади (кыргызча казы) көздөп турат. 19-кылымда Осмон империясындагы жерлердин үчтөн бир бөлүгү вакфка тиешелүү болгон. Россияда (Крымда, Кавказда) вакф мусулмандардын жалпы мүлкү катары эсептелген. Совет бийлиги аларды казыналаштырып салган. СССР урагандан кийин Татарстанда жана Түндүк Кавказда вакфтын де-факто жана де-юре укугун калыбына келтирүү аракеттери жасалган. 21-кылымдын башталышында Жакынкы Чыгыштын жана Түндүк Африканын мамлекеттеринде вакфты башкарууну адистештирилген министрликтер жетектейт. Орто Азиядагы вакфты Совет бийлиги жойгон. Кыргызстанда вакф болгон эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү