Шарият
Шарият (ар. шариа – максатка туура жол) – курандын жана сүннөттүн (үрп-адаттардын) негизинде иштелип чыккан диний-этикалык жана укук эрежелеринин жыйындысы. Ш. Ⅶ–Ⅻ к-рда Араб халифатында түзүлгөн. Ал мусулмандардын негизги диний укуктарынан тышкары мамлекеттин граждандык, кылмыш процессинин укуктар нормасын камтыйт. Ш. ислам мамлекетинде – динди туу туткан өлкөлөрдө өзгөчө үй-бүлө, нике ж-а мурас укугу жагдайында колдонулат. Ш. – Орто Азияда, Казакстан ж-а Кавказда араб баскынчылары тарабынан ислам дининин таратылышынын натыйжасында пайда болгон. Шарияттын булактары – 1. Куран; 2.Сүннөт; 3. Ижмаа; 4. Кыяс эсептелинет. Бул булактар диний ж-а динге негизделбеген мыйзамдардын жыйындысын камтыйт. Ш.-ттын негизинде укук м-н дин бир түшүнүктө каралат.[1]
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- ↑ А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003 ISBN 5-89750-150-5