Валерий Кичин

Кыргызстандык футболчу

Валерий Кичин (төр. 12-октябрь 1992, Бишкек, Кыргызстан) — Кыргызстандык футболчу, Красноярск шаарынын "Енисей" клубунун жана Кыргызстан улуттук курамасынын коргоочусу.

Портал:Футбол
Портал:Футбол
Валерий Кичин
Жалпы маалымат
Төрөлгөн датасы 12 -октябрь 1992(1992-10-12) (31 жаш)
Бишкек, Кыргызстан
Жарандыгы  Кыргызстан
Бою 180 см
Салмагы 75 кг
Позициясы Коргоочу, Чабуулчу
Клуб тууралуу маалымат
Клубу Орусия Енисей
Номуру 2
Карьерасы
Клубдук карьерасы*
Кыргызстан Камбар-Ата
—2009 Кыргызстан Абдыш-Ата ? (1)
2009—2012 Кыргызстан Дордой 102 (21)
2013—2014 Орусия Волга (НН) 15 (0)
2013  Орусия Химик (Дзержинск) 19 (1)
2014  Орусия Уфа 17 (0)
2014—2015 Орусия Анжи 12 (0)
2015  Орусия Тюмень 11 (0)
2015—2016 Орусия Тюмень 25 (1)
2016—2019 Орусия Енисей 82 (6)
2019 Беларусь Динамо (Минск) 12 (0)
2020 Орусия Торпедо (Москва) 2 (0)
2020—а.у Орусия Енисей 26 (5)
Улуттук курамасы**
2012—2014 Кыргызстан Кыргызстан (U-20) 6 (2)
2014 Кыргызстан Кыргызстан (U-23) 2 (0)
2016—а.у. Кыргызстан Кыргызстан 33 (2)

* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 3-апрель 2021-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон.

** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 21-декабрь 2020-жылдагы
маалымат боюнча оңдолгон.

Карьерасы түзөтүү

Клубдагы карьерасы түзөтүү

Карьерадагы жолун Камбар-Ата командасында баштаган. Кийинчерээк Канттын "Абдыш-Ата" клубунун оюнчусу болуп калган. 2009-жылы Бишкек шаарынын Дордой клубуна келген. 2013-жылы кышында Москванын ЦСКА клубун көрүү үчүн барып, бирок клубга дал келген эмес [1] . Андан кийин Нижний Новгороддун Волга клубун көрүүгө барат. Эки жолдоштук беттеште футболчу көрсөткөн оюн машыктыруучу Юрий Калитвинцевге таасир калтырат жана аны менен узак мөөнөткө келишим түзүүнү чечишет [2] . 8-мартта Краснодар Кубан менен болгон беттеште (0: 2) Волга курамында дебют жасаган [3] . 2014-жылы 1-июлда Анжи менен үч жылга созулган келишим түзүлгөн[4] . Легионерлерге чектөө коюлгандыктан, ал негизги курамда туруктуу орунга ээ болгон эмес жана 2015-жылдын январь айында ФНЛдин чемпионатынын Тюмень клубунда сезондун аягына чейин убактылуу ойногон[5] . Жайында ал толук кандуу бир жылдык келишим түзгөн [6] . 2016/17 сезонуна чейин ал башка FNL клубуна - Энисейге өткөн [7], 2016/17 кышында кытайлык клубдардан чакыруулар болгон [8] . 2017/18 сезонунун аягында клуб менен бирге Премьер Лигага кирген. 2018-жылдын 7-октябрында, үйдүк оюндагы Спартак менен болгон беттеште (2: 3) ал Орусиянын чемпионатында биринчи голду киргизген [9] .

Улуттук курмадагы карьерасы түзөтүү

Валерий Кыргыз Республикасынын улуттук курамдын өспүрүмдөр тайпасында ойногон. Олимпиадалык команданын курамында - 2014-жылдагы Азия оюндарынын катышуучусу, 2 беттеш өткөргөн.

Ал Кыргызстандын курама командасында дебютун 2011-жылы 23-июлда Өзбекстанга каршы жасаган [10] . Өзүнүн алгачкы голун 2016-жылы 30-августта Казакстандын дарбазасына киргизген[11] .

2019-жылы Азия Кубогунун катышуучусу, турнирде өз командасынын 4 матчын тең ойногон.

Сыйлыктары жана Наамдары түзөтүү

Клубдук түзөтүү

  • Кыргызстан чемпионатынын жеңүүчүсү (2) : 2011, 2012
  • Кыргызстан Кубогунун ээси (2) : 2010, 2011
  • АФК Президентинин Кубогунун финалисти: 2010-жыл

2016/17 ФНЛдин коло медалынын ээси

Жекелик түзөтүү

  • Кыргызстандын чет өлкөдөгү мыкты фтболчусу: 2014 [12]
  • 2021-жылы 1-июнда Валерий Кичинге "Даңк" медалы 2019-жылы өткөн Азия Кубогунда татыктуу оюн көрсөткөндүгү, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, квалификациялуу спортчуларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн тапшырылган [13]

Эскертмелер түзөтүү

  1. Кичин пополнил состав «Волги». Текшерилген күнү 2 -июнь (кулжа) 2021. Түп булактан архивделген күнү 3 -июнь (кулжа) 2021.
  2. Кичин — в «Волге». Текшерилген күнү 2 -июнь (кулжа) 2021. Түп булактан архивделген күнү 26 -август (баш оона) 2016.
  3. Волга НН — Кубань
  4. Валерий Кичин в ФК «Анжи», Махачкала. Текшерилген күнү 2 -июнь (кулжа) 2021. Түп булактан архивделген күнү 14 -июль (теке) 2014.
  5. Защитник «Анжи» перешёл в «Тюмень»
  6. Кичин перешёл из «Анжи» в «Тюмень» на полноценной основе
  7. «Енисей» подписал шесть игроков
  8. Игрок из ФНЛ получил предложение из Китая
  9. 100 бомбардиров :: Блог
  10. Uzbekistan vs. Kyrgyzstan 2011-07-23
  11. Kyrgyzstan vs. Kazakhstan 2016-08-30
  12. Голосование Sport АКИpress: Валерий Кичин — лучший футболист Кыргызстана 2014 года, выступавший за границей
  13. "Ак шумкарлардын" капитаны Валерий Кичин "Даңк" медалы менен сыйланды. Super.kg. Текшерилген күнү 6 -июнь (кулжа) 2021.