Кыргызстан улуттук жаштар футбол курамасы
Кыргызстан улуттук жаштар футбол курамасы 1991-жылы түзүлгөн. Башкы машыктыруучусу — Мирлан Эшенов.
Кыргызстан улуттук жаштар футбол курамасы | |||
---|---|---|---|
[[Файл:|150px|Эн белгиси]]
| |||
Лакап аттары | Ак Илбирстер | ||
Конфедерациясы | АФК (Азия) | ||
Федерациясы | КР футбол федерациясы | ||
Башкы машыктыруучусу |
Мирлан Эшенов | ||
| |||
Биринчи оюну | |||
Эң ири жеңиши | |||
Эң ири жеңилүүсү |
Тарыхы
түзөтүүШериктештик Кубокторундагы катышуусу
түзөтүү2012-жылы Кыргызстан жаштар курамасы биринчи жолу Шериктештик Кубогуна катышып, Латвия (2:3), Украина (0:4) жана Молдова жаштар курамаларынан утулуп, өз тайпасында акыркы, төртүнчү орунду ээлеген. 9-12-орундар үчүн болгон турнирде кыргыз командасы Түркмөнстан (3:1), Тажикстан (3:1) жана Эстония (2:0) курамаларын жеңген жана тогузунчу орунга ээ болгон. Ошол курамдын маанилүү оюнчулары болуп Мирлан Мурзаев жана Турсунали Рустамов табылган.
Шериктештик Кубогу 2013тө Кыргызстан жаштар курамасы Казакстандан утулуп (1:3), Орусия (0:0) жана Өзбекстан (2:2) менен ийгиликтүү ойноп тең чыгып, кайрадан эле өз тайпасынан чыга албай калган. Ошентип Кыргызстандын командасы өз тайпасынан чыкпай калды. 9-12-орундар үчүн болгон оюндарда Кыргызстан жаштар курамасы Латвияны матчтан кийинки пенальтилер сериясынан жеңген (6:4), андан соң тогузунчу орун үчүн болгон оюнда Эстонияны да пенальтиден жеңген (4:3).
2014-жылы турнирде Кыргызстандын командасы тогузунчу орунду ээлеген.
Кыргызстан курамасы эң ири ийгиликке 2015-жылы өткөн мелдеште жетишкен. Тайпалык мелдеште Орусия жаштар курамасын жеңип (2:1), чейрек финалга өтүп Финляндиядан жеңилип калган (0:1). 5-6-орунда үчүн болгон оюндарда кайрадан Орусияга атаандаш чыгып, бирок бул жолкусунда утулуп калган. Жыйынтыгында Кыргызстан алтынчы орунду ээлеген.
Акыркы көрсөткүчтөрү
түзөтүүКүн | Мелдеш | Орун | Атаандашы | Эсеп |
---|---|---|---|---|
25-январь 2015 | Шериктештик Кубогу | Санкт-Петербург | Орусия | Жеңилүү 3:1 |
23-январь 2015 | Шериктештик Кубогу | Санкт-Петербург | Тажикстан | Жеңиш 1:3 |
21-январь 2015 | Шериктештик Кубогу | Санкт-Петербург | Финляндия | Жеңилүү 0:1 |
19-январь 2015 | Шериктештик Кубогу | Санкт-Петербург | Орусия | Жеңиш 1:2 |
18-январь 2015 | Шериктештик Кубогу | Санкт-Петербург | Латвия | Тең 1:1 |
16-январь 2015 | Шериктештик Кубогу | Санкт-Петербург | Молдова | Тең 1:1 |
Машыктыруучулары
түзөтүү- Ормонбеков Анарбек Дарданович (2014)
- Эшенов, Мирлан Байышбекович (2014-учур)