Ванилин
Ванилин - ванил жыттанган түссүз кристалл, эрүү t 81—83° С, кайноо t 286° С. Сууда, спиртте, эфирде, хлороформдо эрийт.
Ванилин гликозид' түрүндө ванил өсүмдүгүнүн мөмөсүндө жолугат. Өндүрүштө синтет. жол менен гваяколдон, лигнинден, эвгенолдон алынат. Ванилин тамак-аш жанa парфюмерия өнөр жайда, медицинада колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.