Вануатунун административдик-аймактык түзүлүшү
1994-жылдан тартып Вануату Республикасы 6 провинцияга бөлүнөт[1]. Провинциялардын аталыштары провинцияны түзгөн негизги аралдардын аталыштарынын уңгусунан же биринчи тамгаларынан түзүлгөн:
- Малампа (аталышы Малакула, Амбрим жана Паама аралдарынын аталышынан алынган);
- Пенама (Пентекост, Аоба, Маэво);
- Санма (Санто, Мало);
- Тафеа (Танна, Анива, Футуна, Эрроманго, Анейтюм);
- Торба (Торрес аралдары, Банкс аралдары);
- Шефа (Шеперд, Эфате аралдары).
1906-жылы Жаңы Гебриддерде кондоминиум түзүү боюнча конвенцияга кол коюлгандан кийин төрт жыл бою административдик бөлүнүү болгон эмес жана меланезиялыктар катышкан ар кандай талаш-тартыш иштерди жалпы сот эмес, аскер-деңиз комиссиясы караган жана чечимдерди кабыл алган[2]. 1911-жылы административдик реформаны ишке ашыруу боюнча алгачкы кадамдар жасалган. Реформанын натыйжасында, 1912-жылы Жаңы Гебриддердин айрым аралдарына резидент-комиссарлардын өкүлдөрү дайындалган (Эфате аралын кошпогондо), алар калктын ар кандай даттанууларын карап, жумушка орношуу маселелерин көзөмөлдөшкөн. Британиянын өкүлдөрү Танна жана Эспириту-Санто аралдарында, Франция өкүлдөрү Малекула жана Пентекост аралдарында колониялык багыттагы иштерди жүргүзүшкөн.
1985-жылы кезектеги административдик реформа жүргүзүлүп, натыйжада төрт округ жоюлуп, он бир аралдар үчүн Арал Кеңеши түзүлгөн[1].
Провинциялар
түзөтүү№ | Провинция
(кырг.) |
Провинция
(англ.) |
Административдик
борбору |
Аянты,
км² |
Калкы,
адам (2009) |
Жыштыгы,
адам/км² |
---|---|---|---|---|---|---|
1 | Малампа | Malampa | Лакаторо | 2779 | 36 727 | 13,22 |
2 | Пенама | Pénama | Саратамата | 1198 | 30 819 | 25,73 |
3 | Санма | Sanma | Люганвиль | 4248 | 45 855 | 10,79 |
4 | Тафеа | Tafea | Исангел | 1628 | 32 540 | 19,99 |
5 | Торба | Torba | Сола | 882 | 9359 | 10,61 |
6 | Шефа | Shéfa | Порт-Вила | 1455 | 78 723 | 54,11 |
Бардыгы | 12 190 | 234 023 | 19,20 |
Тарых
түзөтүү1985-жылдан 1994-жылга чейин өлкө 11 аралдык аймакка бөлүнгөн:
- Аоба жана Маэво (борбору Лонгана);
- Амбрим (борбору Эас);
- Банкс жана Торрес (борбору Сола);
- Эфате (борбору Порт-Вила);
- Эпи (борбору Рингдав);
- Малекула (борбору Лакаторо);
- Паама (борбору Лиро);
- Пентекост (борбору Лолтонг);
- Санто жана Мало (борбору Люганвиль);
- Шеперд (борбору Моруа);
- Тафеа (борбору Исангел).
Кондоминиум мезгилинде 4 административдик округ болгон:
- Түштүк округу;
- 1-борбордук округ;
- 2-борбордук округ;
- Түндүк округу.
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 Вануатунун провинциялары (англ.)
- ↑ Tufala Gavman (ред. Bresnihan, Brian J. and Keith Woodward). Reminisces from the Anglo-French Condominium of the New Hebrides. — Suva, Fiji: Institute of Pacific Studies, University of the South Pacific, 2002. — С. 26. — ISBN 982-02-0342-2