Варикоз

Варикоз” грек тилинен которгондо “кеңейүү” деген түшүнүктү берет. Демек, бул – веналык кан тамырлардын кеңейип кетиши. Теория боюнча, варикоз дененин ар кайсы бөлүгүндө пайда боло алат. Бирок көп учурда ал буттан кармайт. Анткени вена организмде иштетилип бүткөн кан жүрүүчү кан тамыр болуп эсептелет да, оорчулук түшкөндө иштетилип бүткөн кан жогору көтөрүлө албай, анын жарымы кайра артка кетип, мунун эсебинен буттун кан тамыры кеңейип, чоюлуп отуруп варикозго чалдыгат. Анан ийри-буйру абалга туш болгон вена өзүнүн формасын толугу менен жоготот. Варикозго дуушар болгон абалды ажыратуу кыйын эмес. Веналык кан тамырдын жана анын капиллярларынын шишип, көгөрүп чыгышы - оорунун диагнозу. Көбүнчө дарттын бул түрү менен аялдар жабыркашат. Себеби алардын организми эркектерге салыштырмалуу алсызыраак.


Алгачкы белгилери:

– Бутта ооруксунуу пайда болот;

– Дене табы ысып, температура бериши мүмкүн;

– Кечкисин буттар шишип чыгат, талып ооруйт;

– Уктоо абалында буттун булчуңдары карышат;

– Буттун териси кара жагымсыз түскө алмашат;


Эмнеден келип чыгат?

Жашоо образы. Буга организмге физикалык күч келтирген жумуштар: оор көтөрүү, кара жумуш, ашыкча жана көп жөө жүрүү, узак убакытка бир орунда туруу кирет.

Гормоналдык өзгөрүү. Бул “кош бойлуулук” деген түшүнүктү туюнтат. Демек, эки кат кездеги организмге түшкөн оорчулуктан да варикоз жаралышы ыктымал.

Семирүү. Дененин массасынын көбөйүшү дагы бирден-бир себеп.

Тукум куучулук. Тегинде варикоз менен ооруган адам бар болгон шартта пайда болот. Ал бир нече муундан кийин жанданышы дагы мүмкүн.


Стадиялары:

Биринчи стадия. Мында варикоздун алгачкы белгилери байкалат. Кээде веналык кан тамыр шишип, анын тегерегинде майда жылдызча түрүндө тактар пайда болот. Бут бат эле чарчай жана шиший баштайт. Бул өзүнө бир жылга жетпеген мөөнөттү камтыйт.

Экинчи стадия. Ооруксунуу күчөп баштайт. Веналык кан тамырдын көөп чыкканы даана байкалып, териге кара чекиттер чыгып, өзгөрүү пайда болот.

Үчүнчү стадия. Бутту толугу менен варикоз каптайт. Дээрлик соо жер калбайт. Ооруксунуу кычыштыруу менен, тырмоо жарага айлануу менен коштолот. Бул жара өмүр бою кетпейт, ал жердеги нервдер адамдын мүнөзүн өзгөртүп жиберет.


Варикоз оорусун элдик ыкмалар менен дарылоонун ыкмалары

– Бир баш сарымсакты майдалап эзип, аны эки аш кашык зайтун майына аралаштырып бүртүкчө болуп чыгып калган веналарга жатар алдында компресс кылып түнгө калтыруу керек.

– 2 аш кашык майдаланган чалкандын жалбырагына бир стакан ысык сууну куюп 15-20 мүнөт демдеп коюу зарыл. Даяр болгон соң бир ай катары менен бир күндө бир стаканды үчкө бөлүп тамактанар алдында ичип жүрүү керек.

– 2 аш кашык зайтун майына 2 аш кашык алоэ гүлүнүн ширесин аралаштырып күнүгө эртең менен жана кечинде бутуңузга сүйкөп туруңуз. Бул ыкма кеңейип кеткен венанын териси кургап, кызыл бүртүкчөлөр пайда болгон учурда гана колдонулат.

Помидорду бир канча тилимдерге бөлүп, аларды варикоздон жабыркаган веналарга коюп, түндө жылуу таңып жатуу дагы натыйжалуу ыкма.


Варикоз оорусунда төмөндөгү эрежелерди сактоо керек:

1. Денеге жабышып турган кийимдерди, муундарды кысып тура турган байпактарды кийбөө жана ошол эле учурда бутту кайчылаштырып олтурбоо керек.

2. Бир орунга узак убакыт олтуруп же туруп иштеген болсоңуз, бир күндө 2-3 саатта бир бутуңузга көнүгүү жасап туруңуз. Согончогуңузду өйдө көтөрүп бутуңуздун учу менен 5-6 секунд туруңуз да, согончокту түшүрүп эс алган соң кайра көтөрүп бутуңуздун учу менен туруңуз.

3. Колдон келсе көбүрөөк жөө басыңыз. Эгер узак убакыт олтуруп иштеген болсоңуз, анда тез-тезден бутка күч келтирбей тургандай кылып олтуруу абалыңызды алмаштырып туруңуз.

4. Мончонун буусуна кирбеңиз жана күнгө катуу күйбөңүз. Бул эки көрүнүш сиздин ооруңузду күчөтөт.

5. Бийик такалуу бут кийимдерди көп кийбегенге аракет кылыңыз. Эгер кие турган болсоңуз, анын бийиктиги 4-6 сантиметрден ашпашы керек.

6. Күндүзү 5-10 мүнөт жатууга убакыт таап бутуңузга жаздыкча коюп өйдө көтөрүп жатыңыз.

7. Майлуу тамактардын ордуна жашылча-жемиштерди жегенге аракеттениңиз.

8.Спорттун сууда сүзүү, чуркоо түрү менен машыгыңыз. Мындан тышкары ромашка сыяктуу гүлдөрдөн ванна жасап, бутту ошол сууга салып олтуруу керек. Интернеттеги шилтемелер http://lady.kg/node/1634 Archived 2017-02-28 at the Wayback Machine