Мишин, Василий Павлович (5(18). 1. 1917-ж. т., Москва обл., Орехово-Зуево) — механика, башкаруу процесстери жанa энергетиканын физ.-тех. маселелери боюнча сов. илимпоз, СССР ИАнын акад. (1966; корр. мүчө, 1958).

Социалисттик Эмгектин Баатыры (1956). 1943-жылдан КПСС мүчөсү. 1941-ж. С. Орджо­никидзе атн. Москва авиация инсититутун (МАИ) бүтүргөндөн ил. из. жанa конструктордук уюмдарда иштеген. 1959- жылдан МАИде профессор. Негизги эмгектери колдонмо механиканын маселелерине арналган. РСФСР Жог. Советинин (7—8-шайл.) депутаты. Лениндик сыйл. (1957) лауреаты. Үч Ленин ордени, Октябрь Революциясы, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.