Введенский,Николай Евгеньевич

Введенский,Николай Евгеньевич [16 (28). 4. 1852—16. 9. 1922]—орус физиологу. И. М. Сеченовдун окуучусу.

  • Петербург ИАпып корр. мүчөсү (1909). 1872-ж. Петербург университетине кирет. 1874-ж. студенттердин революциялык кружогуна катышкандыгы үчүн камакка алынып, 3 жылдан ашык түрмөдө отурат.
  • 1879-ж. университетти бүтүрүп, Германия, Австрия жанa Швейцариядагы физиол. лабораторияларда иштеген.
  • 1889-жылдан Петербург университетинин экс­траординары, 1895-жылдан ординар профессор. Введенский тирүү ткандардын түрдүү дүүлүктүрүүгө жооп кайтаруу закон ченемин изилдеген.
  • Дүүлүккөн нервди телефон аркылуу угуу мето­ду менен ал тирүү ткандар дүүлүктүргүчтүн таасиринен гана өзгөрбөстөн, өзүнүн иш процессинде да өзгөрөөрүн көрсөткөп жанa физиологияга убакыт фактору жөнүндөгү түшүнүктү киргизген.
  • Введенский магистрлик диссертациясында (1884) булчуңдардын кыскарышыпып мезгилдүүлүгүп жанa нервдердин чарчашын анализдеген. Докторлук диссертациясында (1886) дүүлүгүнүн оптимуму жанa пессимуму жөнүндөгү түшүнүктү аныктаган. Ал па­рабиоз жөнүндөгү окуусунда дүүлүгүү жанa тормоздоо процесстериннн биримдигин керсөткөн. Введенскийдин эмгектери физиологиянын жанa медицинанын өсүшүнө чоң көмөкчү болду.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.