Вегатативдик көбөйүү – көбөйүүнүн бир түрү, энелик организмдин бөлүктөрүнөн жаңы организмдин пайда болушу. В. к. дээрлик бардык өсүмдүктө кеңири таралган. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр вегетатив органдары менен көбөйөт. Мында В. к-нүн жардамы менен бир эле өсүмдүктөн түрдүү өзгөчөлүктөгү өсүмдүк алууга болот да, өсүмдүктүн өзгөргөн белгилери, касиеттери жана вирустук илдеттери тукумга берилиши мүмкүн. Ошондуктан чарбаларда өстүрүлүүчү материалдын тазалыгына кам көрүү маанилүү. Көпчүлүк өсүмдүктөрүн В. к-гө бүчүрлөрү, жалбарагы, сабагы, тамыры ылайыкталган. Айрым өсүмдүктөр түрүн өзгөрткөндө – мурутча, түймөк, пияз түп, тамыр сабактары менен көбөйөт. Кулпунай, бүлдүркөн, байчечекей жана башка тамыр – сабактары менен көбөйсө, кооздук үчүн өстүрүлүүүчү өсүмдүктөр (көп жылдык астра, канна, чекилдек) отоо чөптөр, тамыр чырпыктары менен тал, жапайы алма, дан куурай, алча жана башка көбөйөт. Карагат, барсылдак, айрым дан өсүмдүктөрү жана башка өркүн түбүндөгү бүчүрлөрү аркылуу көбөйөт. Мөмө-жемиш өсүмдүктүн өстүрүүдө В. к-нүн тамыр-сабак аркылуу көбөйтүү ыкмасы жана кыйыштыруу колдонулат. Тамыр-сабак аркылуу көбөйтүүдө көбүнчө жетелеме жолу менен жана калемчелери көбөйтүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү