Ведута (итал. veduta - көрүнүш)- живопись же графикада архитектуралык пейзаждын түрү. Каприччиодон айырмаланып, Ведута шаардын так топографиялык көрүнүшү. Термин 18-кылымда италияда пайда болгон: жергиликтүү сүрөтчүлөр саякатчыларга арнап шаар пейзаждарын жаратышкан. Ведутанын ири чеберлери Венецияда Л.Карлеварис, А. Каналетто, Б. Белотто, М. Риччи жана башка болгон. Ведута салттары 20-кылымдын башында архитектуралык пейзаж чеберлеринин чыгармачылгында өзгөрүүгө учураган жана панораманын жана көркөм фотографиянын башаты болгон.

Ведута (Лондон, Каналетто, 1747).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан Улуттук энциклопедиясы