Венюков М.И. (1832-1901). Таанымал географ, саякатчы. Аскер академиясын аяктагандан соң, Сибирди жана Кыргызстандын түндүк аймактарын иликтеген. Ал кыргыздарды Теңиртоонун жергиликтүү калкы эмес деген илимден алыс пикирин айткан. Уламыштарга таянып, кыргыздар Теңиртоого 18-к. Энесайдан көчүп келген деген көз карашты айтканы белгилүү. «Кырк кыз» жөнүндөгү уламыштын бир вариантын өз эмгегениде эскерген. 19-к. экинчи жарымындагы кыргыз манаптары жөнүндө маалымат берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү