Весниндер -сов. архитекторлор. Леонид Александро­вич В. (18801933). Петербург көр­көм сүрөт академпясында Л. Н. Бенуадан окутан (1901—09), Москвадагы Жог. тех. окуу жайы (1923—31) менен Москва архитектура институнун (1932— 33) проф., Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Виктор Алексан­дрович В. (1882—1950). Петербургдагы Гражд. инженерлер даярдоочу институтта окутан (1901—12). СССР ИА­нын акад. (1943). СССР архитектура академиясынын алгачкы президенти (193949).

СССР Жог. Советинин (1—2-шайл.) депутаты. Ленин ордени. башка 3 орден менен сыйланган. Александр Александрович В. (18831959). Гражд. инженерлер даярдоочу институтта окуган (190112), СССР архитектура жана курулуш академиясынын ардактуу мүчөсү (1956). Эм­гек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Весниндердин ысмы сов, архтектуранын өсүү жолу менен тыгыз байланыштуу. Москвадагы Ки­ров көчөсүндөгү турак үйлөр (1908), Башкы почтамт имараты (1911), Мамл. көркөм музей (1913) жанa Горький шаарындагы Сироткиндин үйү алар тарабынан курулган. Рев-ядан кийин алар Москва, Кострома, Саратов, Баку ж. б. шаарлардын өнөр жай курулуштарынын архитектуралык долбоорун түзүшкөн.

Весниндердин программалык эмгектери — Эмгек Дворецинин имаратынын (1923), «Аркос» соода коом үйүнүн (1924), «Ленинградская правда» газетасынын филиалынын (1924) жанa Ленин атн. китепкананын (1928) долбоорлору. 1929—32-ж. Днепр ГЭСинин, Харьков театрынын жанa Москвадагы Ленин атындагы заводдун, Маданият двореци­нин долбоорун түзүшкөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.