Ветеринария-санитариялык көзөмөл
Ветеринария-санитариялык көзөмөл — мал чарбачысында, жаныбардан алынган прокдуцияны жана сырьёну кайра иштетүүчү өнөр жайда, аларды ташууда, сатууда, жаныбарларды жана алардан алынган продукцияны экспорттоодо жана импорттоодо вет.-санитардык норма жана эрежелердин сакталуусун байкоочу орган. Ошондой эле ошол продукциялардын санит. сапатына да жооп берет. Ветеринария-санитариялык көзөмөлүнүн ветеринардык адистери өзүнө караштуу объектилерди такай көзөмөлгө алат. Анын натыйжасында тиешелүү эрежелерге таянып норманын чегинен чыккан продукциялардын абалын жана сапатын аныктайт. Бул көзөмөлгө эт ж. б. тамак-аш продуктуларын изилдөө ветеринардык закон талап кылгандай ар бир жаныбардан алынган продукцияны текшерүү, тамак-ашка колдонууга мүмкүн болбогон жана адамга зыяндуу продукцияларды жана сырьёну конфискациялоо, жок кылуу, утилдөө жана зыянсыздандыруу иш-чараларын уюштуруу кирет. Мал чарбасында ветеринария-санитариялык көзөмөлдөөнүн негизги ролу курулуш каражаттарын же өндүрүш объектилерин колдонбоо жөнүндө тыянак берүү; жагымсыз тоют жана сууну колдонууга тыюу салуу; мал ташуу жана мамлекеттик чек арадан чыгаруу же чыгарбоо боюнча чечим кабыл алуу, тиешелүү ылаңдарга шектүү деп эсептелген зонадан мал продукциясын жана сырьёну ташуу жана колдонуу иш-чараларын иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө. Бул көзөмөлдү атайын ветеринардык-санитардык ишканалардын ветеринар адистери жүргүзөт. Ветеринария-санитариялык көзөмөл ветеринардык-санитардык эрежелерди бузган тарапты административдик жоопко тартуу укугуна ээ. Ветеринария-санитариялык көзөмөл санитардык эпидемологиялык кызмат менен бирдикте иш жүргүзөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|