Вигго Питер Мортенсен кичүүсү(англ. Viggo Mortensen;/ Viːɡoʊ mɔːrtənsən /; Danish: [ʋiːɡ̊o mɒːd̥n̩sn̩]; 1958-жылы туулган) - даниялык-америкалык актер, музыкант, фотограф, акын жана сүрөтчү. Ал чыгармачылыгынын башаты Питер Уирдин " Күбө" (англ. Witness, 1985) триллеринде эпизоддогу ролго туура келет. Актер андан кийин көптөгөн белгилүу тасмаларга тартылган: "Качкын индеец" (англ. The Indian Runner (1991), "Карлитонун жолу" (англ. Carlito's Way, 1993), "Кызыл агым" (англ. Crimson Tide, 1995), "Жарык" (англ. Daylight, 1996), "Аялдын портрети" (англ. The Portrait of a Lady, 1996), "Жоокер Жейн" (англ. G.I. Jane, 1997), "Кынтыксыз өлүм" (англ. A Perfect Murder, 1998), "Айга жүрүш" (англ. A Walk on the Moon, 1999) жана "28 күн" (англ. 28 Days, 2000).

2000-жылдардын башында В. Мортенсен "Шакектер кожоюну" (англ. The Lord of the Rings) эпикалык трилогиясында Арагорндун ролун аткарып эл аралык коомчулукка таанылган. 2005-жылы Дэвид Кроненбергдин "Зомбулук" ( A History of Violence) криминалдык триллериндеги ролу үчүн алкыштарга арзыган Эки жылдан кийин режиссер Кроненбергдин дагы бир тасмасы "Чыгыштагыдай убада берүу" (англ. Eastern Promises, 2007) курч сюжеттүү тасмасындагы ролу ийгиликтүү болуп, "Эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгына талапкер болгон. Режиссер Кроненбергдин үчүнчү "Коркунучтуу ыкма" (англ. A Dangerous Method, 2011) тасмасындагы Зигмунд Фрейддин ролу "Алтын глобус" сыйлыгынын "Көркөм фильмде экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясына көрсөтүлгөн. Жакшы кабыл тасмалардын катарына Роберт Паркердин романынын негизинде тартылган "Аппалуза" (англ. Appaloosa (2008), Альберт Камустун аңгемесинин негизиндеги "Адамдардан алыс" (англ. Far from Men) тасмалары аталат. Ал "Оскар" сыйлыгына экинчи жолу "Эң мыкты актер" номинациясында 2017-жылдагы 89-аземинде " Капитан Фантастик" (англ. Captain Fantastic) тасмасындагы ролу үчүн талапкер болгон.

Актер көп кырдуу талант болгондуктан, актерлук кесиптен сырткары, көркөм өнөр, фотография, поэзия жана музыкада өзүн сынап келет. 2002-жылы актер "Perceval Press" басма үйүн негиздеген, ал жаңыдан чыгып келаткан сүрөтчүлөрдүн жана жазуучулардын эмгектерин басып чыгарат.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү