Күбөтопоним. Көкөтөйдүн ашына чакырылган дугул элинин жери. «Күн чыгыш Күбө жери бар, Күлдү дугул эли бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 99).

Күбө — жоого кийилүүчү ок өтпөс сырт кийим. К. баалуу сырт кийим катары да айтылат. К-нүн эпосто ак күбө, көк күбө, кыл күбө, күбө тон деген түрлөрү жолугат: «Ак күбө тонду кийгени, Аккула атка мингени». Көкөтөйдүн ашында Манас менен эр сайышка чыкканда Коңурбай «Темир тондун тышынан Көк күбө чопкут жамынып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 236) чыкканы айтылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4