Византиялык стиль, орус-византиялык стиль – Россияда 1830–1850-ж. расмий маанидеги ак сарай жана башка курулуштар үчүн (Христ Спасительдин храмы 1837–1883, Чоң Кремль двореци 1839–1849, Москва, архитектор К. А. Тон) кабыл алынган орус стилинин бир варианты XVI кылымдагы Орус мамлекетинин жана VI–XII кылымдагы Византия империясынын архитектурасындагы композициялык акценттер менен жасалга системасынан багыт алган В. с. классицизмге таандык эмес силуэтти жараткан ири мотивдери жана көлөмүнүн көрүнүктүүлүгү менен таасир калтырган. В. с. соборлордун (мис., Киевдеги Владимир собору, 1850–1896, архитектору А. В. Беретти ж. б., Софиядагы Александр Невскийдин храм-эстелиги, 1904–1917, архитектору А. Н. Померанцев) ири имараттарында кабыл алынган, бирок саймалуу, көбүрөөк живопистик формаларга ээ боло баштаган. В. с. өткөн заманды туураган авторлордун культтук жана тиричилик буюмдарында да популярдуу болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү