Викингдер — өз жерлерине жана Европанын башка өлкөлөрүнө талап-тоноочулук жортуулдарга чыгып турган орто кылымдагы скандинавиялык деңиз каракчыларынын кошуундарынын мүчөлөрү. Викингдер доору деп 8-кылымдан 11-кылымдын ортосуна чейинки мезгил аталат. Алар согушчан, мыкты жоокер болушуп, европалык элдерге чоң коркунуч туудуруп турушкан. Викингдерди Батыш европалыктар норманндар, Руста жана Византияда варягдар деп аташкан. Викингдер башка жерлерге жортуулдарга аттануусуна аларда эгин эгүүгө жарактуу жерлердин тартыштыгы да себеп болгон. Байыртадан кеме жасоо өнөрүн мыкты билишкен скандинавиялыктар деңиз жолу аркылуу Түндүк Америкага, Жер ортолук деңизге чейин жетишкен. Алар талап-тоноочулук менен гана чектелишпестен, чет элдиктер менен соода-сатык мамилелерин да жүргүзүшкөн. Ошондой эле алардын кошуундары жергиликтүү башкаруучуларга жалданып кызмат өтөшкөн. Викингдердин башка элдерге жортуулдары 8-кылымдагы Франк мамлекетине жүрүшүнөн башталат. Кийинчерээк алар Англия, Шотландия, Ирландияга, славян жерлерине да жүрүштөрдү уюштурушкан. Франциянын түндүгүндө Викингдердин Нормандия герцогдугу түзүлүп, бул мамлекет 11-кылымдан Англияны, Түштүк Италия менен Сицилияны өзүнө багындырып, өз королдугун негиздеген. Исландия аралына отурукташкан Викингдер Гренландияга, андан Түндүк Американын жээктерине чейин жетип, конуштаган жерлерин Винланд, Маркланд, Хеллуланд деп аташкан. Викингдердин жоокерчилик жортуулдары 11-кылымда токтогон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү