Гаджет — колдонуучунун параметрлеринен иштетилүүчү JavaScript программасы жана/же CSS кодунан үзүндү (сниппет).

Гаджеттердин ишин МедиаВикинин Гаджет кеңейтмеси камсыздайт. Көптөгөн гаджеттер алгач колдонуучунун скрипти катары түзүлүп, жамаат тарабынан жактырылгандан кийин гаджет макамына ээ болгон.

Демейки гаджеттер

Демейки гаджеттер Википедиянын бардык окурмандарынын колдонуусунда, аларды катталган колдонуучулар гана өчүрө алат. Мындан тышкары, катталган колдонуучулардын гана колдонуусундагы гаджеттер да бар.

Орнотуу

Кандайдыр бир гаджетти орнотуу маселеси талкуу алкагында чечилет. Орнотулууга тийиш гаджетти интерфейс администратору орнотот. Андай администраторлор Кыргыз Википедиясында азырынча жок. Тийиштүү аракеттерди Мета-викиден өтүнүү керек.