CSS

Стилдерди баяндоо тили

CSS (/ си-эс-эс / англ. Cascading Style Sheets -каскаддык стилдер жадыбалы) - белгилөө тили (HTML,XML) менен жазылган документтин тыш көрүнүшүн сүрөттөөчү формалдуу тил.

Көбүнчө HTML жана XHTML белгилөө тилдеринин жардамы менен жазылган веб-баракчалардын тыш көрүнүшүн сүрөттөөчү, жасалгалоочу каражат катары колдонулат

CSS'ти түзүүнүн максаты түзөтүү

CSS'ти веб-баракча жасоочулар түс, арип, блоктордун орун алышы же веб-баракчалардын тыш көрүнүшүнүн башка аспектилерин жөндөө үчүн колдонушат. CSS'ти өнүктүрүүнүн негизги максаты веб-баракчанын (HTML же башка белгилөө тилдеринин жардамы менен жүргөн) логикалык структурасын сүрөттөөнү (эми формалдуу CSS тилинин жардамы менен жүргөн) тыш көрүнүштү сүрөттөөдөн ажыратуу болуп саналат. Мындай ажыратуу документтин жеткиликтүүлүгүн арттырышы, көрүнүшүн ийкемдүүрөөк кылышы жана башкарууну жеңилдетиши мүмкүн. Ошондой эле, структурада камтылгандарды жөнөкөйлөтүп, кайталоолорду азайтат. Ошондой эле, CSS бир эле документти башка-башка стилдерде же чыгаруу ыкмаларында көрсөтүп бере алат. Мисалы, экранда көрсөтүү, басма көрсөтүү, үн чыгарып окуу (атайын үн браузери же экрандан окуу программасы менен). Брайл шрифтин колдонгон түзмөктөр менен чыгаруу мүмкүн.

CSS'ти документ менен байланыштыруу жолу түзөтүү

... <Html> <Style type="text/css">

Шилтемелер түзөтүү

https://www.w3.org/TR/CSS  (англ.) Расмий барак.

https://quirks.spec.whatwg.org  (англ.) Кошумча маалымат.

Калып:Compu-stub