↱ УП:Г

Бул баракта Уикипедиянын Глоссарийи (түшүндүрмөлөр сөздүгү) берилет.

Уикипедия Глоссарийи — бул жалпы Уикипедия долбооруна тиешелүү болгон, анын расмий эреже көрсөтмөлөрүндө, о. э. долбоордогу колдонуучулардын өз ара баарлашууларында колдонулуучу сөздөр менен сөз айкаштарынын тизмеги.

Уикипедия энциклопедиясы түптөлгөндөн баштап, анын колдонуучулары тарабынан көптөгөн түрдүү терминдер, кыскартылган же болбосо, жаңы кошулган колдонуучуларга түшүнүксүз сөздөр жаралган.


Глоссарий түзөтүү

# A B C D E F G H I J L M N O P Q R S T U V W X Y Z

А Б В Г Д Ж И К М Н О Ө П Р С Т У Ф Ч Э Ю


C түзөтүү

E түзөтүү

F түзөтүү

G түзөтүү

N түзөтүү

  • NPOV (англ. Neutral Point Of View) — кош.маалымат НКК.

P түзөтүү

  • PD — толук аталышы Public Domain (төм.караңыз)
  • POV (англ. Point Of View) — point of view, көз караш. Нейтралдык көз караш принцибинин бузулушунда колдонулат.
  • POV-pushing — өз көз карашын «таңуулоо»; нейтралдык принцибин бузат, консенсус издегенге умтулбайт.
  • Public Domainкоомдук кенч, башкача айтканда, энциклопедияда колдонулган сүрөт, текстерди каалаган адам колдоно алат.

R түзөтүү

S түзөтүү

  • Автокүзөтчү — макаланын күзөттөлгөн версиясында жаңы жазган макалалары жана оңдоолору автоматтык түрдө автокүзөттөлгөн абалда болуп калчу колдонуучунун статусу.
  • Админ — Администратор дегендин кыскача айтылганы. Долбоордо техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон колдонуучунун статусу. Администратор макалаларды өчүрө алат, оңдоп-түзөөдөн коргоп коё алат, корголгон макалаларды оңдой алат жана колдонуучуларды бөгөттөп же кайра бошото алат. Эрежеге ылайык, макала үстүндө иштөөдө башка колдонуучулардын алдында артыкчылыкка ээ эмес. Администратордук статус жалпы жаматтын добушу жыйынтыгы менен ыйгарылат да, Арбитраждык комитеттин чечими менен, же болбосо өзүнүн иштебегендигинин айынан айрылат.
  • Административдик шаттык — администратордук статуска ээ болгон кээ бир колдонуучулардын «илдеттеринин» бири.
  • Админаракет эсептегичин буроо — администратордун майда-барат, маанисиз аракеттерди жасоосу (мисалы, бир эле баракты улам-улам оңдоп-түздөй берүүсү). Кээде админдиктен түшүп калбашы үчүн "админаракеттин" санын чыгарыш үчүн гана активсиз администратор тарабынан жасалат.
  • АЖЖ (кыск. Акааратка жол жок) — Уикипедияда акаарат жасалбоосу керектиги тууралуу эреже.
  • Аталыштар мейкиндиги— Уикипедиядагы барактарды аталыштары аркылуу өз-өзүнчө классификациялоо ыкмасы. Муну колдонууда барактардын кызмат барагына же жөн баракка тиешелүү экендигин, жана энциклопедисттик барактарды иргеп алабыз. Энциклопедиялык макалалар негизги аталыштар мейкиндигине жайгаштырылат. «Баарлашуу» (макаланын текстин талкуулоо барактары үчүн), «Уикипедия» (Уикипедиянын иштерине байланыштуу барактар үчүн) мейкиндиктери бар. Андан башка дагы «Колдонуучу», «Колдонуучунун баарлашуусу», «Уикипедия баарлашуулары (талкуу)», «MediaWiki», «Кызмат», «Категория», «Калыптар» ж.б.у.с. аталыштар мейкиндиктери бар.
  • АК — толук аталышы Арбитраждык Комитет. Төм. кар.
  • Аккаунт (англ. account) — Катталууда колдонуучуга берилген ысым.
  • Активдүү колдонуучу — Уикипедиянын иштешине дайыма өз салымын кошуп жаткан колдонуучу. Статистиканы чогултканда, активдүү колдонуучулар деп, акыркы 30 күн ичинде белгилүү бир оңдоп- түзөөлөрдү жана жаңы макала кошкон колдонуучулар аталышат.
  • Англовики (толук аталышы англис Уикипедиясы) — макалалардын саны, сапаты, колдонуучулардын саны жагынан эң ири делген Уикипедиянын тилдик бөлүмдөрүнүн бири.
  • Аноним (англ. anonymous) — системага кире элек же каттоодон өтпөгөн колдонуучунун статусу, бирок мындай колдонуучуларды IP-дарегинин негизинде табууга болот.
  • Анрег (англ. unregistered — «катталбаган») — ошол эле, Аноним колдонуучу.
  • Арбитр — Арбитраждык комитетке шайланып кабыл алынган колдонуучунун статусу.
  • Арбитраждык комитет, Арбком, АК — кыргыз Уикипедистер жамааты тарабынан шайланган беш же андан ашык колдонуучулардан турган комитет. Булар колдонуучулар арасындагы талаш тартыштарды чечип, эреже-көрсөтмөлөрдүн талаш бөлүктөрүн түшүндүрүп жана бюрократ менен администраторлорду көзөмөлдөп турушат. Уикипедиянын көптөгөн башка тилдер бөлүмдөрүндө өз арбитраждык комитеттери бар.
  • Абийирдүү колдонуу критерийи — Уикипедиядагы бош эмес файлдарды абийирдүү колдонуу критерийи.
  • Акаарат — колдонуучунун оңдоолору же өздүк абийирине тийген, адатта, орой формадагы сын-пикир. Уикипедияда мындайга катуу тыюу салынат жана түбөлүк бөгөттөөгө чейинки чара колдонулушу мүмкүн.


өйдөгө ↑↑

Б түзөтүү

  • Багзилла (англ. bugzilla) — Уикипедия кыймылдаткычындагы каталарды көзөмөлдөөчү сайт
  • Бан (англ. ban) — Кош.маалымат бөгөттөө.
  • Бөгөттөө (бан) — колдонуучуга техникалык чаралар аркылуу Уикипедияда оңдоп-түзөө жүргүзүүсүнө тыюу салуу. Бөгөттөө администратор тарабынан, эрежени кайра-кайра бузгандарга жана айрым одоно эреже бузган колдонуучуларга колдонулат. Кененирээк маалымат Уикипедия:Бөгөттөө.
  • Сомдомо — бүтпөгөн, аягына чейин жазылбаган, өтө эле кыска же аз маалымат камтыган макала. Кош.маалымат Стаб жана Уикипедия:Сомдомо.
  • Бот (англ. bot, толук аталышы «робот») — Уикипедиядагы майда операцияларды жасаган атайын программа. Жана алар аткарылчу эсеп жазуусунун статусу.
  • Боттуулар — Уикипедияда ботторду колдонгон колдонуучулар статусу.
  • ББ — баарлашуу барагы.
  • Багыттама же болбосо редирект— башка макалага багыттоочу шилтеме-барак.
  • Бошотуу — мурда коюлган бөгөттү жокко чыгаруу. Администратор тарабынан аткарылат.
  • Бөгөттөр согушу консенсуска келе алышпаган администраторлордун кайсы-бир колдонуучуну алмак-салмак бөгөттөп кайра бошото берүүлөрүндөгү жагдай.
  • Бюрокра́т (англ. bureaucrat) — колдонуучуларга администратордук укук жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдү ыйгарчу колдонуучунун статусу. Ал башка колдонуучулардын ысымдарын алмаштырып жана бот желегин ыйгарат.
  • Бейбаштык (ор. вандализм) — колдонуучунун Уикипедиядагы барактарды атайылап бүлүндүрүүсү. Бейбаштыкка негизсиз айыптоо — акаарат болуп саналат.
  • Булактар — к. ишеничтүү булак.
  • Баракты кулпулоо (коргоо) — администратор тарабынан техникалык чаралар менен баракты оңдоп-түзөөгө тыюу салуу. Колдонуучулардын ортосундагы оңдоолор согушун токтотуу үчүн же болбосо ал баракты бейбаштардан коргоо үчүн жасалат.


өйдөгө ↑↑

В түзөтүү

  • Виллвор (англ. Wheel war) — уики-долбоордун эки же андан ашык администраторлордун админдик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып өз-ара иш-аракеттерин жокко чыгаруу менен ачык байкалган чыр-чатактары. Виллвор өз ара тезинен кетенчиктетүү, бөгөттөө, кайсы бир беттерди өчүрүү/калыбына келтирүү, коргоо коюу же ачып салуу сыяктуу аракеттер менен коштолушу мүмкүн. Мындай учурларда административдик жана тарбиялоо чаралары менен караланат (жөнөкөй эскертүүдөн тарта админдик укуктан ажыратууга чейин).
  • Виртуа́лк. Сокпаппет.

Г түзөтүү

  • Гном (викигно́м) — ырааттуу түрдө пайдалуу оңдоп-түзөөлөрдү жасап турган, бирок өзүнө көңүл бурдурууга ашыкпаган колдонуучу.

Д түзөтүү

  • Деёфика́циялоо — «е» тамгасын ё го алмаштыруу (көбүнчө автоматтык режимде). Уикипедияда жол берилбейт.
  • Диза́мби́г, кээде дисамбиг (англ. disambig; disambiguation — «бүдөмүктүүлүктү жоюу») — аталыштары окшош болгон жана {{бүдөмүк}} калыбы коюлган барактардын тизмеси берилген барак.
  • Дифф (англ. Diff, difference — айырма) — макаланын качан, ким тараптан жана кандай өзгөртүлгөндүгү тууралуу кабар берген барактын шилтемеси.
  • Добуш берүү — жалпы жамааттын кабыл алынуучу чечимде колдонуучулардын макул же каршы болуп добуш берүүсү. Адатта Уикипедияда добуш берүүгө катышкандардан өз добушун аргументтөөсүн талап кылат, жана көп учурда катышуучулардын 2/3 добушу жетиштүү болот. Бул сөздүн анык маанисинде добуш берүү болуп Арбитраждык комитетин, администраторлорду жана бюрократтарды шайлоо эсептелет.
  • Долбоор — Уикипедия көп тармактуу энциклопедиясын түзүү долбоору. Башкача айтканда, Уикипедиянын өзү. Ал эми Уикипедиянын чегинде болсо, кайсы бир теманын айланасында колдонуучулардын биригүүсү.
  • Долбоорго опуза — бүтүндөй Уикипедияга залакасы тийе турган иш-аракеттер.(мис, Уикимедия фондун жоопкерчиликке тартылуусуна алып келе турган)


өйдөгө ↑↑

Ж түзөтүү

  • Жакшы макаламыкты макаланын деңгээлине жете элек, бирок жогорку сапаттагы макала.
  • Жамаат — Уикипедиянын жалпы колдонуучулар топтому.
  • Желек — кайсы колдонуучу кандай укуктарга ээ экендигин көрсөткөн Медиавики кыймылдаткычынын белгилөөлөрү.
  • Жимбо (англ. Jimbo) — Уикипедиянын негиздөөчүсү Жимми Уейлстин лакап аты.
  • ЖЧ — жыйынтык чыгаруучу. Өчүрүлүүгө коюлган барактардын тагдырын чечүү, багыттама барактарды жок кылуу укуктарына ээ болгон колдонуучу.
  • Жасалма тактоо — макаланын баш сөзүнөн кийин кашаага алынып жазылган тактоо сөз. Мисалы, «Аалам (физика)», «Орган (музыкалык аспап)» ж.б.у.с.

И түзөтүү

  • ИБишеничтүү булак
  • Инклюзиони́зм — макаланын жакшы-жамандыгына карабастан сактап калууну жакташкан Уикипедия колдонуучуларынын агымы.
  • Интерви́ктер (англ. interwiki (кээде ушундай да жазылат)лат. interмежду) — Уикипедиядагы башка тилдеги макала же вики-долбоорлорго багыттоочу шилтемелер.
  • Инфобо́кс (англ. infoboxinformation + англ. boxкоробка), же карточка — макала барагындагы жадыбал түрүндө берилген маалымат калыбы. Адатта бул текче барактын төмөн жагында жайгашат.
  • Ишеничтүү булак (аббр. ИБ) — Уикипедия макалалары негизделүүсү милдет болгон маалымат материалы. Ишеничтүү булак болуп, көбүнчө, илимий макалалар же китептер эсептелет.


өйдөгө ↑↑

К түзөтүү

  • Калып ([англ.] Template) — дагы башка барактарга колдонууга мүмкүн болгон көп колдонулчу тексттин бөлүгү.
  • Калыбына келтирүү — мурда өчүрүлгөн макаланы (категория, сүрөт) оңдоо тарыхы менен кошо кайра кайтаруу. Өчүрүү сыяктуу эле калыбына келтирүү дагы администратор тарабынан аткарылат.
  • Канвассинг (от англ. canvassing) — долбоордогу башка колдонуучуларга добуш берүү же бир маселени талкуулоо тууралуу кат таратуу.
  • КБС — көп берилүүчү суроолор. англ.  FAQ; орус. ЧАВО
  • Каптатуу — Википедияга бир өңчөй маалыматтарды массалык түрдө киргизүү. Адатта мындай боттор аркылуу аткарылат.
  • Ка́рточка — ошол эле Инфобокс.
  • Колдонуучу — Уикипедияда оңдоп-түзөөгө катышкан ар бир адам, Уикипедия жамаатынын мүчөсү.
  • Колдонуучунун барагы — колдонуучунун Уикипедиядагы аракеттери жөнүндө жана өзү жөнүндө каалаган маалымат жайгаштыра алчу жай.
  • Колдонуучунун баарлашуусу — колдонуучунун өздүк мейкиндигинде жайгашкан барак. Анын жардамы менен колдонуучу менен байланышып, Уикипедиядагы оңдоп-түзөөлөр боюнча, дегеле аткарган иштери тууралуу өз оюңузду билдирсеңиз болот.
  • Колдонуучуну текшерүү — көпжүздүүлөрдү, бейбаштарды аныктоо максатта катталган колдонуучунун IP-дарегин чекьюзер менен текшерүү.
  • Категория (англ. cathegory) — Уикипедиядагы көптөгөн макалаларды структуралаштыруу үчүн колдонгон кызмат барагы. Категориянын аталышы макаланын төмөн жагынан орун алат жана категория барагына өтүү үчүн шилтеме болот.
  • Категориялаштыруу — категориялар барагына жолдоочу шилтемелерди жайгаштыруу, мунун жыйынтыгынан улам категориялар дарагы келип чыгат.
  • Категориялар дарагы — категориялардын бири-бирине байланышкан жолдордон пайда болгондогу торчо түшүнүгү.
  • Категория барактары — окшош тематикадагы барактарга кетчү шилтемелер арип боюнча тизилген барактар. Категория шилтемеси барактын төмөн жагында, [#И|интервиктерден] мурдараак жайгаштырылат.
  • Кетенчик — кайсы бир колдонуучу жасаган бир же бир нече акыркы оңдоолорун жокко чыгаруу. Администратордук жана кетенчиктетүүчү желекке ээ болгон колдонуучулар жасай алышат.
  • КлеркАрбитраждык комитетке АК кызмат барактарын кыймылда кармоого көмөк көрсөтүүчү жана арбитражга кайрылган колдонуучулардын суроолорун тейлөөчү Уикипедия колдонуучусу. Клеркте Арбитраждык талкууларга кирүү мүмкүнчүлүгү жок.
  • Ко́ммонс (неофициальное заимствование англ. Wikimedia Commons) — см. Уикиказына.
  • Консе́нсус — макаланын мазмуну боюнча жана долбоорду өнүктүрүү маселелери боюнча колдонуучулардын бир макулдукка келиши. Адатта, кээ бир жеке көз карашын таңуулаган колдонуучулардын кежирдиги үчүн жана саясат, дин темаларында консенсуска жетүү татаал болот.
  • Копиви́о (англ. copyvio — сокр. от англ. copyright violation — «автордук укукту бузуу») — башка бир булактан автордук укук менен корголгон макаланы эч өзгөртүүсүз ошол бойдон Уикипедияга көчүрүлүп коюлган текст. Мындай тексттерди Уикипедияга жайгаштырууга тыюу салынат. Кененирээк к. Уикипедия:Автордук укук.
  • Копирайт (англ. copyright) — автордук укуктар.
  • Кош багыттама — тикеден-тике Уикипедия макаласына багытталбастан, башка багыттама-баракка багыт алган шилтеме-барак. Мындай кош шилтемелерди кыймылдаткыч атайын бир кызмат барагына чогултат жана жалаңкатталат (адатта, мындайды боттор ишке ашырат, бирок колго аткарса да болот).
  • Кумкуту — макаланы оңдоп-түзөөнү үйрөнүү үчүн атайын барак. Бул баракта колдонуучулар каалаганын жаза алышат.
  • Күзөтчү — барактарды текшерилгендиги же текшерилбегендиги тууралуу белги салуучу колдонуучунун статусу.
  • Күзөттөө — макалаларды, калыптарды жана файлдарды текшерип, карап чыгуу.
  • Кыймылдаткыч — Уикипедия сайттары иштеген кыймылдаткыч MediaWiki.
  • Кызыл шилтеме — мурда өчүрүлгөн, же болбосо, түзүлө элек макалага болгон шилтеме. Кызыл шилтеме жаңы макаланын оңдоп-түзөө баракчасына алып барат. Бул термин Уикипедиядагы бар барактар көк түс менен, ал эми жок барактар кызыл түс менен чагылдырылгандыктан келип чыккан.


өйдөгө ↑↑

М түзөтүү

  • Маанилүүлүк — Уикипедиядагы макалалар жооп берүүсү керек болгон негизги критерийлердин бири. Мааниси жок макалалар өчүрүүгө дуушар болушат.
  • Макала — фактылар негизинде белгилүү бир обьектке же кубулушка арналып жазылган текст, заманбап жана классикалык изилдөөчүлөрдүн кол жазмалары.
  • Макаланын баарлашуусу (талкуусу) — макаланын мазмуну тууралуу өз аргументтерин жазып келтирип башка колдонуучулар менен бир макулдукка келүү мүмкүнчүлүк түзгөн барак.
  • Мерджи́зм (англ. mergism от merge — бириктирүү) — майда-чүйдө макалаларды чоңураак макалаларга бириктирүүнү колдогон Уикипедиянын колдонуучуларынын агымы.
  • Ме́та (англ. Meta) — К. m:. Уикимедия Фондунун башка баардык долбоорлорун түзөтүп туруучу жана жаңы идеялар жаратылып туруучу уики-долбоор.
  • Метапеди́зм — макала оңдоодон көрө Уикипедия жамаатынын иштеринде көбүрөөк катышууну артык көрүү.
  • Митпа́ппет (англ. meatpuppet) — башка бир колдонуучунун кеңеши аркылуу добуш берүү үчүн гана же кайсы бир талкууга катышуу үчүн гана пайда болгон колдонуучу. (Ал сокпаппетти элестетет; эрежеде псевдовиртуал делет).
  • Мыкты макала — долбоордун колдонуучулары тарабынан колдоого алынып, Уикипедиянын талаптарына жооп берет деп эсептелген жана Кыргыз Уикипедиясында үлгүлүү макала делген макаланын статусу.


өйдөгө ↑↑

Н түзөтүү

  • НКК («нейтралдуу көз караш»тын кыскартылганы) — Википедияда макала жазуудагы негизги эрежелердин бири; анда авторлордон макала жазууда бейтараптыкты талап кылат, о.э. жеке көз карашын жазуудан тосулуп, ишеничтүү булактарга таянуусун талап кылат. Ошондо Википедияда ишеничтүү маалыматтар камтыларына өбөлгө түзөт.

О түзөтүү

  • Оңдоо — маалымат базасында сакталган Уикипедия барагындагы өзгөртүүлөр.
  • Оңдоодогу комментарий — оңдоолор тарыхында чагылдырылчу оңдоо терезесинин төмөн жагында жайгашкан кыска түшүндүрүү аттуу көзөнөкчө. Ал жерге жазылган маалымат оңдоонун тушунда көрүнөт.
  • Оңдоо тарыхы — барактын ким аркылуу, качан жана кайсы жери оңдолгондугун чагылдыруучу техникалык барак.
  • Оңдоо пикир келишпестиги — бир эле макалага бир нече колдонуучунун оңдоо жүргүзө бергендеги учур.
  • Оңдоону жокко чыгаруу — макаладагы бейбаштыктан улам болгон же туура эмес оңдоолорду мурдагы версияларынын бирөөнө кайтаруу.
  • Оңдоолор согушуконсенсуска келе алышпаган колдонуучулардын макаланы алмак-салмак ар бири өз жоромолуна кайтара берүүсүндөгү жагдай. Адатта, оңдоолор согушу администратордун ал макаланы кулпулап салышы менен аяктайт. Оңдоолор согушуна кошо катышкан администратор ал макаланы коргоого кое албайт, ал эми катышпаган администратор чырдашкан тараптардын бирин экинчисине каршы колдоого алууга укугу жок.
  • Оңдоо эсептегичин буроо — колдонуучунун добуштарга катышуу максатында, же талапкерликке илинүүгө керектүү болгон оңдоолор санын майда-барат, маанисиз оңдоолор менен толтурушу.
  • О́рден — эмгек сиңирген колдонуучуларга тапшырылчу сыйлык. Администраторлор тарабынан тапшырылат. Колдонуучунун өздүк же баарлашуу барагында жайгаштырылып, ардак барагы кызмат барагында жарыяланат.
  • О́ри́з (же кыскача ОИ) — оригиналдуу изилдөө. Колдонуучунун жекече изилдөөсү. Мындай макалаларды Уикипедияга жайгаштырууга болбойт.
  • Ортомчулук — оңдоп-түзөө тартыштарына бир консенсуска жана НККга келүү үчүн Уикипедиянын беделдүү колдонуучусун (же бир нече колдонуучуларын) катыштыруу. Адатта тартышкан тараптардын бирөөсүнүн кайрылуусунан улам болот. к. Уикипедия:Ортомчулукка


өйдөгө ↑↑

Ө түзөтүү

  • Өздүк баракча ӨБ — к.колдонуучунун барагы
  • Өздүк мейкиндик ӨМ — колдонуучунун өздүк барактары.
  • Өчүрүү — Уикипедиянын эрежесине каршы келген макаланы, категорияны же сүрөттү оңдоо тарыхы менен чогуу тазалоо. Администратор тарабынан аткарылат.

П түзөтүү

  • Пикирлердин бутакташуусу — бир эле окуянын ар түрүү көз карашта карап, бир канча макаланын түзүлүшү. Мындай кылуу ылайык эмес.
  • Порта́л — белгилүү бир теманын же кайсы бир билим тармагынын баш барагы.
  • Пост,постинг — колдонуучунун баарлаш барагына калтырган билдирүүсү. Кээде жаңы макала баштоо дагы эсептелет.
  • Псевдовиртуал — к. Митпаппет.

Р түзөтүү

  • Регистр (тамганыкы) — текст жазуудагы клавиштердин абалы. Жогорку регистри деп—баш тамгаларды, ал эми төмөнкү регистри деп — кичине тамгалар деп билебиз. Клавишада CapsLock же Shift баскычтары менен башкарылат.
  • Редирект — к.багыттама
  • Ревизо́р (англ. oversight) — оңдоо тарыхынан кээ бир версияларды жашырып коюу техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон колдонуучулар.
  • Репо́ст (англ. repost ← re + post) — К. {{db-repost}} — мурда өчүрүлгөн макаланы мурункусунан айырмасы жок кылып кайра түзүү.


өйдөгө ↑↑

С түзөтүү

  • Сисо́п (англ. sysop), систе́ма опера́тору — ошол эле администратор.
  • Смартасси́зм — кээ бир колдонуучулардын энциклопедиялуулукту башкача түшүнүүсү.
  • Сокпа́ппет (англ. sock puppet) — жамаатты алдоо үчүн (мис, добуш берүү, сурамжылоодо) колдонулган бир эле адамдын кошумча эсеп жазуусу. Мындай учурда түбөлүк бөгөттөлөт. К. Уикипедия:Көп жүздүүлүк.
  • Спам — башка сайттарды жарнамалоо же өнүктүрүү максатта коюлган тышкы ресурстук шилтемелер. Спамер-колдонуучулар бөгөттөөгө дуушар болушат, ал эми алар өжөрлүк менен коюп жаткан сайттар, спап-шилтемелер кара тизмекке киргизилет.
  • Стаб (англ. Stub же сомдомо) — бүтүрүлбөгөн, аягына чыкпаган, өтө кыска же маалыматы жокко эсе макала. к. Уикипедия:Сомдомо макала.
  • Стю́ард (англ. Steward) — Кененирээк к. m:Stewards/Ru.
  • Сурамжылоо(орус. Опрос) — долбоорду өнүктүрүү маселелерде колдонуучулардын ой-пикирин аныктоо. Сурамжылоонун жыйынтыктары милдеттүү күчкө ээ эмес.

Т түзөтүү

  • Таксобо́кс (англ. Taxobox) —
  • Тандалма макала — к. мыкты макала
  • Тереңдик (англ. depth) — тил бөлүмүнүн өнүгүү деңгээлин баалап көрсөтүү бирдиги.
  • Тро́ллинг (англ. trolling) — ар кандай максатта, мисалы флейм чыгарыш үчүн өзүнө жана жасаган иштерине көңүл бурдуруу.
  • Туюк макала — башка макалага шилтемеси жок болгон макала.


өйдөгө ↑↑

У түзөтүү

  • Уикикездешүү — Уикипедия колдонуучуларынын жашоодо (реалда) кездешүүлөрү.
  • Уики-өргүү — Уикипедия үстүндөгү жумуштан колдонуучунун ыктыярдуу түрдө убактылуу эс алууга чыгуусу.
  • Уикипочта, Уикимейл (англ. Wikimail) —колдонуучулардын ич ара жеке кат алышуусун камсыз кылган атайын технология. Ар бир колдонуучунун өздүк барагындагы атайын функция (эгерде колдонуучу ырастоолорунан өчүрүп салбаган болсо).
  • Уикиказына — эркин лицензиялык мультимедиа файлдарды (мис, сүрөт же аудиофайл) сактоочу жай. Уикиказынада жайгашкан файлдарды Уикимедиа фондунун бардык долбоорлорунда, о.э. Уикипедиянын ар кайсы тил бөлүгүндө колдонууга болот.
  • 'Уикисорс же Уикисоурс‘ (англ. Wikisource) — Уикикана долбоору.
  • Уикификациялоо — макаланы уики-белгилөөнүн жардамы менен колдонууга ыңгайлуу көрүнүшкө алып келүү. Б.а. тексттеги Уикипедиянын башка барактарына кетчү ички шилтемелерди коюп чыгуу.
  • Уикификатор — макаланын оңдоп-түзөө терезесиндеги белгиленген текстин уики-белгилөөнүн кээ бир эрежелерине ылайыкташтырып даяр кылуу Java Script сценарийи.
  • УК — к. Уикикездешүү.
  • УП — Уикипедия. Тизмеги УП:УП бетте келтирилген аббревиатуралык багыттагычтардын алдына жазылуучу тамгалар (Кызмат барактардын кыскартылган шарттуу белгилери, шорткарттар англ. shortcut — кыскартуу).

Ф түзөтүү

Ц түзөтүү

Ч түзөтүү

  • Чекъю́зер (англ. Check user, Катышуучларды текшерүүчү) — олуттуу негизде башка колдонуучуларды көп-жүздүүлүктөн текшерүү укугуна ээ колдонуучу.
  • ЧЮ, ЧъЮ — Чекъюзердин кыскартылып айтылганы.

Э түзөтүү

  • Экзопеди́ст — Википедиянын иштерине караганда макалалардын үстүндө көбүрөөк эмгектенген колдонуучу.
  • Энциклопеди́сттик — макалалардын Уикипедия талаптарына ылайык келүүсү. Көп колдонуучулардын ар түрдүү түшүнүшкөндүктөрү көптөгөн талашууларга алып келет.
  • Эрежелер жана көрсөтмөлөр — Уикипедия бюрократтары, администраторлорунан тарта бардык колдонуучулар аткаруусу милдет болгон эрежелер топтому. Жамааттын добушуна коюу аркылуу өзгөртүлөт жана кабыл алынат.
  • Эссе — Уикипедиянын иштөө өзгөчөлүктөрүн баяндоочу долбоор мейкиндигиндеги текст.

Ю түзөтүү

  • Юзербо́кстор, ЮБ (англ. userbox — «катышуучу коробкасы») — колдонуучулар өздүк барактарына жайгаштырууга мүмкүн болгон атайын калыптар. Адатта колдонуучунун кызыгууларын, билим деңгээлин ж.б. чагылдырат.
  • Юзербоксома́ния — юзербоксторду өтө көп колдонгон колдонуучулардын «илдети».


өйдөгө ↑↑

Дагы караңыз түзөтүү

  • УП:УП — «Уикипедия» аталыштары мейкиндигинен барактарга тез шилтөөчү аббревиатуралар тизмеги.