Википедия:Сомо/Византия империясындагы кыргыз баатырлары

Византия империясындагы кыргыз баатырлары — Дүйнөлүк тарыхта белгилүү болгондой, VIII кылымдын аяк ченинде Орто Азия чөлкөмүндө кышкысын кар жаабай, ондогон жылдарга созулган кургакчылык болот. Ошондо жашоонун айынан көчмөн элдер туш тарапка чачылат. Бууданчаар (Бөдөнчаар, Бодончаар деген ат менен белгилүү) өз уруусу менен ушул Орто Азия чөлкөмүнөн Енисейге көчүп, кийин анын урпактары Монгол талаасында жашап, Бартан баатырдын үчүнчү баласы Есугей, андан Темирчың (Темучин) туулган. Ал эми ага-ини Эрдемги барлас менен Тоодой барластын балдарынан "барлас" уруусу, же тактап айтканда "баарлаш" уруусу түптөлүп, анын кийинки муундарынан Тарагайдын баласы болуп Темир (Аксак Темир) туулган.

Ат-Башыдагы катагандын хан Кошой уруусунан элдер эки багытка бөлүнгөн. Биринчиси - Терең көлдүн (Балхаш көлү) түндүк жагынан Шибер токоюна чейин, азыркы Түндүк Казакстан облусуна көчүп жөнөшөт. Ошондо жолдо көчүп-конуп бара жатып бир нече үйбүлө жол улай албай, азыркы Кочкор өрөөнүнө, айрымдары Туздуу көлгө (Ысык-Көл) байыр алышат. Кээси батыш өрөөн аймагы Жумгалда жашап калышып, азыркы Түгөл-Сай жана Таш-Төбө айылдары катаган уруусун түзүп калышкан. Экинчиси - элдин бир бөлүгү Батышты көздөй көчөт. Кийин бир нече кылымдардан кийин Маңгытай-Сүбө (Мавереннахр) империясынын Аксак Темир түзгөн жоокерлердин негизги бөлүгүн ушу катагандар түзгөн. Ар кандай согуштук жүрүштөрдүн кесепетинен Орто Азия жана Ооганстан аймактарында калып калган катаган уруулары ошондон аталып калган.

Ал эми Чаткал өрөөнүнөн жана Бермет туздуу көлдөн 500дөн ашык "каңды" уруусу чогулуп, уруу башында турган Сулайман деген адам Кичи Азия чөлкөмүнө сельжук уруусуна көчүп барып, сельжуктардын султаны Ала ад-Дин Кейкубаттан Эскишехир (азыркы Анкара шаары) аймагына жашоого уруксат алышат. Кийин Сулаймандын баласы Эртагрыл баатыр, уюштургуч, көсөм болуп чыга келип, ал Эскишехирди эле коргобостон баатырлык менен салгылашып, Анадолу менен Изник аймактарын Византия империя бийлигинен тартып алган. Ошентип Византия империясы өз тарыхында сельжук бийлиги менен кыргыздардын биргелешкен чабуулунда эки жолу жеңилүүгө дуушар болгон. Экинчисинде Сулаймандын баласы Эртагрыл Византия империясын биротоло жеңип алган. Кийин анын баласы Осмон акылдуу, көрөгөч, уюштургуч, баатыр чыгып, 1299-жылы Осмон империясын түптөп, өзүнүн атын берип, империяны көзү өткүчө, 1324-жылга чейин башкарган биринчи император катары тарыхта калды. Осмон жаш кезинде эле 1291-жылы аз сандагы жоокерлери менен Мелангияны басып алып, ошол кездеги Кичи Азиянын султаны Ала ад-Дин Кейкубаттан бийлик символу катары "барабан" жана "бунчук" деген сельжук аскердик наамдарын алган.

Осмондун көзү өткөндөн кийин бийлик анын баласы Орхон бийге өтөт. Ал Осмон империясын 1324-жылдан 1362-жылга чейин 38 жыл башкарган. Орхон бийликке келгенден кийин ал дагы Византия империясынын чыгыш жак аймактарын аз-аздан басып алып отуруп, эки жылдан кийин Византиянын чыгыш-түштүк аймагында жайгашкан Бруса шаарын (азыркы Бурса шаары) басып алып, 1326-жылы аны Осмон империясынын биринчи борбор шаары кылган. Бийлик муундан муунга өткөндүктөн, Осмон империясынын 7-императору Мехмед II бийликке келгенден эки жылдан кийин аскерлери - "янычарлардын" санын 12 миңге жеткирип, жалпы аймактардан 20 миң аскер топтоп, ал эми согуш кемелеринин санын 350гө жеткирген. 1453-жылы Константинополго согуш баштап, үзгүлтүксүз чабуулдун негизинде ошол эле жылдын 28-майында жеңишке жетишет. Шаардын атын Истанбул (Стамбул) деп өзгөртүп, Осмон империясынын расмий борбор шаары катары ал алты кылымдан бери кызматын кылып келатат.

Кийин Осмон империясы сельжуктарды биротоло өзүнө кошуп алган. Муундан муунга өтүп отуруп, Осмон империясынын тарыхында 1923-жылга чейин 37 император башкарып, эң узак башкаруу катары - 6 кылымдан ашык, тагыраак айтканда, 632 жыл, кыргыз улутундагы Осмон империясы болуп дүйнөлүк тарыхта аты калды.

Эми бир аз тарыхка, Осмон империясы түзүлө элек убакта XI кылымдын аягында Византия империясына каршы сельжуктар менен бирдикте кыргыздардын согуш окуяларына саресеп салып, негизги окуяга кайрылып көрөлү.

VIII кылымда Орто Азия чөлкөмүнөн, т.а., азыркы Кыргызстан аймактарынан сельжук уруулары "Улуу кургакчылык" мезгилинде Кичи Азия аймактарына көчүп барып, Византия империясынын Мармар жана Эгей деңиздеринин чыгыш жак бөлүктөрүнө чектеш жерлерге кошуна болуп туруп калышат. Ырас, дини менен тили эки башка болгондон кийин элдин ынтымактуу болушу кыйын. Ушундан улам эки тараптын ортосунда майда кагылышуудан баштап чоң согуштарга чейин болуп турган. Экинчиден, Византия империясында жалаң Европа элдеринен бийлик жана аскер адамдары түптөлүп, ислам динине каршы диндер арасында согуш ачып "Крестовый поход" дешип, ислам дининдеги элдерди басмырлоо алардын негизги иш максаттарына айланган. Византия империясынын аскердик курамы Европа элдеринен турган жана императору жалпы Европа элинин башкаруучу өкүлдөрүнүн шайлоосу аркылуу өтүп, империяны башкарып турган. Мындай шайлоолордун алгачкыларында Франциянын королу Франциск I Сулайман Iнин (1520-1566 жж.) тушунда Осмон империясына шериктеш катары өтүп кеткен. Анын себеби мындай болгон:

Ыйык Рим империясынын императору Карл Vни Европадагы крест көтөргөн каапырлар, түндүгү Балтика деңизинен, түштүгү Жер Ортолук деңизине чейин Нидерландиядан баштап Германия, Австрия аркылуу Испанияга чейин жана Неаполь Королдугу, Сицилия аралындагы деңиз аркылуу сүзүп келишкен Мексика менен Перунун Европадагы туруктуу пункттары бүт шайлап, король император катары колдоп турушкан. Карл V күчтүү жана бийлик ээлик аймактары көп болсо да жалгыз Осмон империясы, анын императору Султан Сулайман Iден коркуп турган.

Карл V Габсбург династия бийлиги менен бардык Европа мамлекеттерин бирдиктүү бир империя кылып бириктиргиси келген. Габсбург Австрия бийлик династиясы 1453-тоок жылында Австрия, Венгрия королдуктарын бириктирип, кийин Испаниянын королу Филипп II (1527-1598-жж.) аларга кошулган. Европа мамлекеттеринин андан ары биргелешип мусулмандарга каршы крестүүлөрдүн жүрүшүн Франциянын королу Франциск I адегенде европалыктарды колдойт дагы, кийин шайлоодон өтпөй калганын эстеп Осмон империясынын султаны Сулайман Iни колдоп кетет. Сулайман I анын колдоосун туура көрүп, 1533-жылы Франциск Iге 100 миң алтын тыйындарды жөнөткөн. Сулайман Iнин Франциск Iге жиберген акча каражаты жеке өзүнүн идеясын куттуктаган катары эмес, боло турган - келечектеги диндер ортосундагы согушка да союздаш катары Карл Vге каршы активдүү катышууга койгон талабы эле. Франциск I атургай өзүнүн Венециан аманатында Карл Vге каршы жалгыз Осмон империясынын согуштук күчү үстөмдүк кыла тургандыгын айтып өткөн.

Биргелешкен европалык христиан элдеринин тобу Византия империясына мусулмандарга каршы IX кылымдан баштап улам согуш иштерин уюштура беришкен. Ушундай согуштардын биринде 1095-жылы Константинополь шаарынын түндүк-чыгыш тарабында сельжуктар менен чектешкен Изник шаарынын чебинде Византия империясынын рыцарлары менен сельжуктардын ортосунда дин согушу жүрөт. Изник шаары Изник көлүнүн түндүк-чыгыш бурч жагында жайгашкан. Согуш бир нече күнгө уланган. Ошол катуу салгылаштын биринде сельжуктардын жоокерлери жеңилүүгө дуушар боло баштайт. Ошондо чыгыш жак капталдан "чапкыла", "ургула", "каапырларды өлтүргүлө" деген үндөр менен ат минген жоокерлер пайда болуп, рыцарларды четинен өлтүрө башташкан. Жогоруда аталган кыргыз тилиндеги ураандар бүгүнкү күндө Стамбул шаарында түрктөрдүн архивдик тарыхында сакталуу турат. Рыцарлар менен болгон согушта сельжуктар кыргыздардын жардамы менен Византия империясынын Изник шаар чебин талкалап, биротоло өзүнө караткан.

Түрк сельжуктарынын аскерлери "Бул согушта Кудай бизге асмандан жардам бергенге мусулман жоокерлерин жиберди. "Ислам дини туура жолдо, ошон үчүн биз жеңдик" дешет. Ал эми окуя мындай болгон: сельжуктар менен Византия империясынын ортосундагы тынымсыз уланып турган диндер аралык согушта убакыт өткөн сайын жоокерлер алсырап, азая баштаган. Ошондо сельжук султаны Орто Азиядагы Карахания мамлекетине (927-1212-жж. түзүлгөн) кайрылып, аскердик жардам суроо иретинде аманат жиберген. Ошол кездеги Караханид мамлекетинин башчысы ал аманатты жакшы кабыл алып, "каапырлардын кудайы өзүн өзү кыйнап өлтүргөн, биз ал динди колдобойбуз" деп, 30 миң аскерин аты, курал-жарагы менен Кичи Азия аймагына жиберген. Ал Караханид армиясы бир нече күн талаа-түздө, тоо-таш арасында туш келди түнөп отуруп, биринчи эле келгенде ушул Изник шаар чебиндеги согушка туш болушкан. Ошол кыргыздардын армия курамы Византия империясына каршы түрк сельжуктары менен бирге согуштун күйгөн отунда 4 жылдай согушуп, 30 миң кыргыздан мекенине бирөө да тирүү кайткан эмес. Кыргыз армиясынын негизги бөлүгү ушул Изник шаарындагы согушта курман болушкан" деп айтышат.

Кийин, түрк сельжуктарына XI кылымдын башында Ысык-Көл жана Чаткал чөлкөмдөрүнөн "каңды" уруусунан Сулайман көчүп барып, анын небереси Осмон империя түптөгөн. Ошол Осмондун баласы Орхон - Осмон империясынын 2-императору болгон (1324-1364-жж.). Орхон ушул Изник шаарында курман болгон кыргыз жоокерлеринин урматына 1330-жылдары "кыргыздар күмбөзү" деп 2 чоң бөлмөдөн турган күмбөз курдурган. Учурда бул күмбөз күнү бүгүнкүдөй сакталып, айлана-тегереги темир тор менен тосулуп турат. Кире бериш жеринин сол жагында кыргыз баатырынын элесин берген накта кыргыз жоокеринин айкели тургузулган. Ал эми оң жагында биринчи түрк, андан кийин кыргыз, анын ылдый жагында англис тилдеринде "Кыргыздар күмбөзү" деп жазылып турат. Күмбөздүн ичине кире бериш жеринде кыргыздын кийизден жасалган шырдактары төшөлүп, бөлмөлөрдүн оң жана сол тарабында 35 см бийиктиктеги табыттарда согушта курман болгон кыргыз жоокерлеринин сөөгү катырылып турат. Табыттардын сырты калың жашыл момосуй материал менен капталып, араб ариптери менен сөздөр жазылган (сүрөттү караңыз). Тамга тааныбагандыктан, тилекке каршы, биз ал сөздөрдү окуй албадык.

Күмбөздүн артында узундугу 40, туурасы 30 метр келген жер участогуна бак-дарак тигилген. Ошол бактардын арасында расмий иш сапар менен Түркияга келген Жогорку Кеңештин төрагалары Марат Султанов менен Айтибай Тагаевдин тиккен арча карагайлары, алардын алдында темир табличкалары турат. Күмбөздө бир гана кемчилик - ушунча убактан бери ааламдын ар бурчунан келген кишилердин көп болгонунан улам, күмбөз ичиндеги төшөлгөн шырдактардын эскилиги аябай жетип үлбүрөп калган. Эгер мындан ары кимдир-бирөө ушул күмбөздү барып көрөм деп ниет кылса, эки шырдак ала барып жаңыртып салып койсо, жоокер бабаларыбыздын арбагы ыраазы болуп, алып барган кишинин да иши оңолуп кетет деп ойлойм.

Түгөлбай Сыдыкбеков атабыздын көзү тирүү кезинде үйүнө 2-3 казак жазуучусу мейман болуп келип калышат. Ошондо казактар "Түкө, бу кыргыздар качан жалкоолугуңарды коесуңар?" деп суроо узатышат. Түгөлбай атабыз: "Эмне болду?" деп чочуп кетиптир. Анда казактар: "Биз кайсы мамлекетке барбайлы, кыргыздар жөнүндө эстеликтер, тарыхый архивдик материалдар, жер-суунун аттары оголе көп. Биз болсо жок жерден тарыхыбызды жазып жатабыз" дешкен экен. Анын сыңарындай, бул казак боордоштордун айткандарынын чындыгына ушул Түркияга барган сапарым далил болду.

Ал эми алыскы Монголиянын чыгыш жагында, Манчжуриянын түштүгүндө "Кыргыз башы" деген тоо бар. Минтип аталып калганынын себеби - мейкиндикте 5-6 км аралык жерден ал тоолор калпак кийген кыргыздын башына окшош. Белгилүү Барсбек каган кытайлардан биринчи ошол жерден жеңилип, ушул батыш тарапка качууга аргасыз болгон. Албетте, бул башка кеп…

Изник шаарынан келе жатып жанымдагы жазуучу Мамат Болотко: "Кайран ата-бабаларыбыз, кыргыздын, элдин кызыкчылыгы деп ушунча аралыкка, айлап талаа-түзгө түнөп, канын-жанын аябай, артына туяк калтырбай бул дүйнө менен кош айтышканына таңгалам" дедим.

Кыргыз күмбөзүн көрүп кайра артты көздөй Стамбул шаарына келе жатканда автожолдордун оң,сол жактарында жапыз тоолордун бардык беттеринен чокуларга чейин ар кандай кооз карагайлар адам күчү менен тигилгенин көрүп түрк элинин күжүрмөндүгүнө да баа бердик. Көрсө, Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемаль Ататүрк "Бир карагайды өзүңдүн керегиң үчүн кырк, бирок ордуна төрт карагай тигип отургуз" деген сөзүн, саясатын элге кеңири жайган экен. Түркиянын талаасы, тоосу эмес, азыр Стамбул шаарынын ичи дагы көздүн жоосун алган түрдүү карагай, бак-дарактарга бай.

Ушул Стамбул шаарынан Мармар деңизи аркылуу паром менен баруучу 180 км аралыкты кыскартып, Изник шаарына өз машинеси менен алпарып келген, 12 жылдан бери Стамбулда иштеп жаткан жалалабаддык Айбек Тажибаевге, Стамбул университетинин докторантурасында окуп жаткан котормочу кызыбыз Асел Асанкановага жана ушул Түркияга болгон кыска сапарыбызды уюштуруп берген "Ата Журт" маданият жана достук форумунун төрагасына чоң ыраазы болдук.