Википедия:Сомо/Кыргызстандагы молдавандар

Кыргыз жеринде тарыхый өзгөчө изин калтырган залкар полководец уулу Михаил Васильевич Фрунзе десек болот. Анын атасы Василий Фрунзенин Москвадан Токмоктогу орустардын гарнизонуна фельдшер катары 1874-жылы келгенин далил кылсак, алгачкы молдовандар кыргыз жерине алгач ошол учурларда аз санда келсе керек деп болжосок болот. Анткени азыр деле бул элдин биздин жердеги саны үркөрдөй эле. Соңку беш жылда 505 адамдан 407 деген көрсөткүчкө кемиптир.

Фельдшер Василий Фрунзе келген учурду тарых барактарынан карасак, Пишпек эми-эми шаар катары түптөлүп жаткан кез экен. 1870-жылдары бул жерге 50 орус үй-бүлө гана келип жайгашкан болсо, 1897-жылы адам саны 6115ге жеткен. Ошол учурдагы маалыматтар боюнча анын 2870си – орустар, украиндер, белорустар, 1215и – өзбектер, 666сы – кыргыздар, 271и татарлар болгон. Башка улуттар деген 97 адамдын ичинде Василий Фрунзенин үй-бүлөсү менен катар аз санда башка да молдовандар болгон деген божомолдор бар. Анткен менен ал учурдагы көп кыргыздын эсинде ата-бала Фрунзелер мыкты инсандар катары калышты. Василий Фрунзе бейтаптар келип-кетип дарыланчу оорукана – амбулатория салдырып, даражалуусун да, жардысын да, орусун да, кыргызын да дарылап, кыргыздар дарыланбашы керек дегенге кулак салбай иштен алынган да экен. А Михаил Фрунзе атага тете уул катары кыска өмүрүндө тарыхта терең из калтырды. Анын урматына борборубуз Бишкек аталгыча 1926- ж. 12-майдан бери Фрунзе аталды. Молдованын Окница районундагы үч шаардын бири азыр да Фрунзе (молд. Frunză, Фрунзэ) атын алып жүрөт.

Эми биздин Молдова менен байланышыбыз бир гана ата-бала Фрунзелер менен бүтпөйт, ортодо советтик мезгилде, эгемендик жылдарда калыптанган мамлекеттер аралык байланыштар, кандайдыр бир деңгээлде жалпылык, жакындыктар да бар. Аралыгыбыз – самолет менен 4 сааттык айырма менен жетип барасың. Болгону мурунку советтик республика Молдавия, азыркы эгемен Молдова – чыгыш Европадагы, Украина менен Румыниянын ортосундагы кенедей өлкө. Аянты боюнча бизден да кичинекей, 33 700 км2. Көлөмдүү аймагы Прут жана Днестр дарыялары аралыгындагы жер. Кара деңизге танапташ жатканы менен деңизге түз чыгалбайт. Анткен менен деңиз таасиринен климаты мээлүүн, кышы жумшак, кыска, жайы ысык, узак. Күз айы да анча жаанчыл келбегендиктен, жүзүмү да, даны да, башка жемиш-жашылчасы да бышып жетилип, «жүзүмдүү Молдова, күнөстүү Молдова» аталышы да ушундан. Молдованы биринчи көргөндө көзүңө бир гана адырлар, адырлар, адырлар урунат дешет. Эң бийик дегени эле 430 метр келген Бэлэнешть дөңсөөсү экен. А бирок адырлары бозоруп бош жатпайт, айрымы токой жамынып, күз келгенде шуудураган кызыл, сары, жашыл жалбырактар кооздукка бөлөйт. Андыктан саякаттап келсең, берекесин төккөн күздө кел дешет бул өлкөгө. Анан Молдова да биздей агрардык өлкө саналат, айрым адырлар адам мээнети менен түшүмдүү жайларга айланган. Күрөң көмүр, апатит, селенит минералдары, акиташ, азыраак газ, муңай запастары болбосо, бул өлкө да кен байлыктарга чукак. А бирок Днестрдин куймасы – Бык дарыясын бойлой 7 дөңсө үстүндө жайгашкан жашыл борбор шаарыбыз Кишинев (молд. Кишинэу), Ципова, Сахарна, Цауль, Рудь, Вадуллуй-Водэ сындуу ажайып жерлерибиз бар деп сыймыктанышат. 2014-жылдагы калк каттоо эл санын 3, 558 млн адам деп көрсөткөнү менен, биздей эле көп жарандары жакшы жумуш издеп тышта. Соңку эгемен саясатта олку-солкуну алар да баштан көп өткөрүп жатышат. Алтүгүл 2012-жылы азыркы президент Николай Тимофти мыйзамдуу шайланып келгенче, 2,5 жыл (917 күн президентсиз деп рекорд катары Гиннес китебине кирди) өлкөнү президенттин милдетин аткаруучу катары үч адам башкарган.

Кызыктуу фактылар түзөтүү

Мамлекеттик тили Баш мыйзам боюнча молдован тили, Конституциялык сот чечими боюнча – румын тили. Айрым лингвисттер молдован тили румын тилинин диалектиси дешет, башкасы молдован тилин да, румын тилин да роман тилдеринин (француз, испан, италия, прованс, португалия) чыгыш тайпасына таандык тил деп көрсөтүшөт. Молдован деген элдин жаралышы тууралуу талаштар да румындар менен байланыштуу. Айрым иликтөөлөрдө молдавандардын түпкү ата-тегин римдиктер менен байланыштырышканы басымдуу молдовандарга жакпайт. «Тарыхый Дакиянын аймагынын 20%ына гана үстөмдүк кылган римдиктер 165 жылда бир элди жаратып салды дегенге каршыбыз» дешет. А Румыния президенти Траян Бэсеску болсо, «Молдова жакынкы 25 жылда Румынияга кошулат» деген сөзүн ар маегинде кайталап жүрөт. А молдовандар өздөрүн түндүк геттер (Дунайдын эки жээгин, Добрудж, Молдованы жердешкен), тирагеттер (Днестр чөлкөмүн), карпылар (лат. Carpi, греч. Καρπιανοί, Καρποι, Молдованын борбор жагында), костобокилер (балык жегендер маанисиндеги сөздүн өтө бурмаланашы дешет, кашубдар (кашуб. Kaszëbi; пол. Kaszubi; нем. Kaschuben) болушу мүмкүн, буларды айрым изилдөөчүлөр фракия урууларына, башкасы славяндарга, же кельттерге, же сарматтарга таандык кылышат); дакилер (лат. Daci, Карпат ичин жана Трансильвания батышын жердешкен) ж.б. уруулар кирген фракиялыктардын аралашмасынан жаралганбыз дешет. Жаныбызда ким жашайт, ыя?

Тарыхы түзөтүү

Ал эми мамлекеттүүлүгү тарыхта XIV кылымдагы көз карандысыз Молдова княздыгынан тартып баяндалат. Бир канча империя кызыкчылыктары тогошкон жерден орун алгандыктан өз тарыхынын ар кайсы мезгилинде бир Осмон империясына, бир падышалык Россияга, бир Румын королдугуна көз каранды болуп жашаган. Анын тарыхый аймагы да ар империянын баскынчылыгында кемип жүрүп отурган. 1775-жылы Австрия Түндүк Буковинаны басып алган, 1812-жылы, кезектеги орус-түрк согушу аяктаган соң, Бухарест тынчтык келишими боюнча Молдованын Днестр жана Прут дарыяларынын аралыгындагы Бессарабия аймагы Орус империясына өткөн. 1917-жылы Россиядагы жарандык согуш маалында Бессарабияда парламент тариздеги Өлкө кеңеши (Сфатул Цэрий) түзүлүп, 1917-жылы декабрь айында бул жерди Молдова автономиясы атап, 1918-жылы көз карандысыз Молдова Демократиялык Республикасы деп аталышын өзгөртүшөт, ошол жылы март-апрелдерде Румыния менен кошулулууну чечишет. Улуу Ата мекендик согуш жыйынтыгы менен СССР Бессарабияны кайра өзүнө кайтарган. 1924-жылдан 1940-жылга чейин Украина ССРи курамында Молдова АССРи, 1940-жылдан 1991-жылга чейин Молдова ССРи катары жашап, учурда Молдова – эгемен мамлекет, эски Бессарабиянын кыйла чоң бөлүгүн ээлейт.

Турмуш-тиричилиги жана салт-санаасы түзөтүү

Молдовандардын негизги салттуу тиричилиги – малчылык, дыйканчылык, жүзүмчүлүк, шарап жасоо, багбанчылык, анан кол өнөрчүлүк – саймачылык, килем токуу, карапачылык, жыгач, тери, таш иштетүү. Каада- салттан үйлөнүү жөрөлгөлөрү өзүнчө кызык. Үйлөнчү жаштардын бири-бирине шакек салышы (бизче сөйкө салуу да) өзүнчө убара, туугандардын курчоосундагы жаштар буудай салынган идиштен үч жолку аракет менен шакектерди таап чыккандан кийин гана күйөө бала, колукту аталып, тойго даярдыктар башталат. Баш кошкондо аткарылчу бир салт: бөлкө нанды эки жагынан кармап тартып бөлүү, кимисине чоңураак тийсе – үйдү ошол башкарат деп кою шат. Дагы бир кызыгы – колуктуну чечиндирүү: күйөө баланын костюмунан гүлдү, келиндин фатасын чечишет. Анан күйөө бала отургучка, колукту анын алдына отурат да, келинге жоолук жана фартукту байлашат – бул жаңы турмуш башталгандын белгиси. Андан кийин аларга коноктор четинен келип алардын үстүнө жууркан (одеяло), жапкычтарды жаап, белектерин беришет. Молдовада жазды аябай күтүшөт. 1-март – жаздын келиши Мэрцишор аталган майрам менен коштолот, ушул аталышта 10 күн музыкалык фестиваль да өтөт. Бул күнү «жаз жүрөгүндөгү алма бактай гүлдөгүлө, жашагыла» деген каалоо менен бири-бирине мэрцишор аталган кичинекей кызыл-ак тумар тартуулашат. Бул тумарды бир ай тагынып, 31-мартта гүлүн төккөн жемиш бактарга илишет, ушул учурда ичтен тиленген тилек-каалоо аткарылат деп ишенишет. Цимбал, чимпой, флуер, най, кобза, тоба аспаптарында жаңырган музыка алдында хора бийин бир канча адам кол кармашып бир нече катар тизилишип, бир катары оңго, бир катары солго жылып айланып бийлешет. Молдаван музыкасы шаңдуу да, муңдуу да ыргактарга бай. Аза күндөрү бизче кошок аталган дойна ыры, Рождество жана Крещение майрамдарында колиндэ ыры ырдалат. Улуттук ашканасы да бай, баары жасаган салттуу тамак – мамалыга. Алардын ашканасында алар жердеген аймакта ар учурда жашап кеткен элдерден калган «мурастар» көп. Негизи тамак- ашы жылкы, кой, куш, чочко эти жана жашылча-жемиш, сүт, дан азыктарынан жасалат. Дасторкондо сөзсүз кезиккен аш – бул брынза, мамалыга, анан өзгөчө сый ичимдик – шарап. Брынзаны молдавандар малчылык өнүккөн 17-кылымдан баштап жасап башташкан. Мамалыга – жүгөрү унунан өзгөчө шарт-эреже менен жасалып, тийиштүү тамактар менен коштолуп берилет. Жүгөрү да алардын ашканасына 2 кылым мурун келген, ал алгач жардылардын тамагы саналып, азыр ар кыл тамактын негизги кошундусу. Тамактын даамын арттырыш үчүн ар кыл татымалдарды кошуу да мүнөздүү. Чеснок менен популярдуу эки чык (соус) түрү жасалат: мюждея жана скордоли. Таттуулардан жүгөрү токочтор, гогошь, семилунэ, альвица, пелтя печеньелерин ж.б. белгилесек болот. Октябрь айынын экинчи жекшембисинде шарап күнүн, 8 жылдан бери сентябрдын соңку ишембисинде Чоң энелер күнүн салтанаттуу белгилешет. Чоң энелер майрамы – мурунку канайым Таисия Воронинанын демилгеси.