Википедия:Сомо/Кыргыз спорту, тарыхы
Спорттун түрлөрү
Спорт тарыхынан
түзөтүүСпорт – англис тилинен которгондо кандайдыр бир эрежелер менен уюштурулган “оюн-зоок, көнүл ачуу” дегенди түшүндүрөт экен. Спорттун тарыхы адам баласынын жаралганынан баштап эле пайда болгон дешет кээ бир серепчилер. Илгерки Кытайда биздин заманга чейин 4000 миң жыл мурун гимнастикага окшош спорт түрү бар экени далилденген. Бирок, азыркы биз билген спорт жана спорттун түрлөрү кийин эле пайда болуп, ар кандай мелдештер уюштурулуп келе жатат. Спорт мелдеш, атаандаштык катары гана эмес адам баласынын ден соолугун чыңдоодо эң башкы ролду ойноорун билишибиз керек. Анткени, спорт аркылуу адам баласы ден соолугун чыңдап, каарылыка чейин оорубай, узун өмүр сүрүүнүн жолдорунун бири. Ошондуктан дээрлик баардык өлкөлөрдө спорт менен машыгуу улуттук деңгээлге көтөрүлгөн. Кыргыз элинде илгертеден баштап эле спортко өзгөчө көңүл бурушчу. Анткени, көчмөн калк болгондуктан жана ар кандай согушка даяр болуш үчүн кыргыздын эр азаматтары спорттун ар кандай түрлөрү менен машыккан. Мисалы, улуттук каада-салттагы спорттук оюндар: балбан күрөш, эр сайыш, жамбы атмай, эр оодарыш, ат чабыш, улак тартыш жана стратегиялык маанидеги оюндар: ордо, тогуз коргоол, чатыраш.Азыркы спорттун түрлөрү Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин өнүгүп баштаган. Эгемендүүлүктү алгандан кийин өзүбүздүн спортчуларыбыз Кыргызстандын желегин желбиретишип, ар кандай мелдештерде жакшы жыйынтыктарга жетишишкен.
Кыргыз спортчуларынын акыркы жетишкендиктери
түзөтүү2008-жылы Бээжинде болуп өткөн олимпиада оюндарында Кыргызстан 205 өлкөнүн ичинен 67- орунду ээледи. Кыргыз олимпиада тарыхын жаңыртып, алгач Руслан Түмөнбаев 60 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшү боюнча кубалык Роберто Мондозду 7:1 эсебинде жеңип, коло медалды тагынса, 66 килограмм салмактагы Канатбек Бегалиев финалда француз балбаны Гуенот Стиф менен кармашып, жеңилүү ызасын тартты. Кармаштын 2-бөлүгүндө жаралган талашка көпчүлүк серепчилер макул эместигин билдиришсе да, таймаш каласы жеңишти француз балбанга ыйгарып, К. Бегалиев күмүш медалга татыктуу болду.
Замандаш спортчулардан кыскача
түзөтүүКанат Бегалиев
| |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Канат Бегалиев |
Туулган жылы: | 1984-жылы |
Туулган жери: | Талас Облусу |
Өлкө: | Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | Классикалык стилдеги курөшчү |
Руслан Түмөнбаев
| |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Руслан Түмөнбаев |
Туулган жылы: | 1986-жылы |
Туулган жери: | Чүй Облусу |
Өлкө: | Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | Классикалык стилдеги курөшчү |
Каныбек Сагынбаев
| |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Каныбек Сагынбаев |
Туулган жылы: | 1985 -жылы |
Туулган жери: | Чүй Облусу, Бишкек шаары |
Өлкө: | Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | Кыргызстандын бильярд боюнча эмгек сиңирген спортчусу |
Интернеттеги шилтемелер
түзөтүү- [1](жеткиликсиз шилтеме)
- [2] Archived 2021-05-27 at the Wayback Machine
- › Home › Маданият
- [3](жеткиликсиз шилтеме)