Виктор Фредерик "Вики" Вайскопф (англ. Victor Frederick "Viki" Weisskopf; 1908-жылы 19-сентябрь – 2002-жылы 22-апрель) – Австрияда туулган америкалык физик-теоретиги. Вайскопф өзүнүн доктор окумуштуулук даражасын алгандан кийинки эмгегине Вернер Гейзенберг, Эрвин Шредингер, Вольфганг Паули жана Нильс Бор жардам берген. Экинчи дүйнөлүк согушу учурунда окумуштуу Лос-Аламосто Манхэттон долбоорунун теориялык тобунун лидери болгон, кийинчирээк ал өзөктүк куралдардын жайылуусуна каршы чыккан.

Виктор Вайскопф (1943-1945).

Өмүр таржымалы түзөтүү

Вайскопф Венада жөөттөрдүн үй-бүлөсүндө туулган, 1931-жылы Германиядагы Геттинген университетинде физика илиминин доктор окумуштуулук даражасын алган. Вайскопфтун физика илимине болгон шыктуулугу аны атомду изилдеген окумуштуулар менен чогу иштөөгө алып келген, алардын ичинен Нильс Бор өзгөчөлөнөт, ал Копенгагендеги өзүнүн институтунда окумуштуунун жетекчиси болгон. 1930-жылдардын аягында Вайскопф жөөт болгонунан улам Европадан чыгуусу керектигин түшүнө баштаган. Бор окумуштууга АКШда кызмат ордун табуу менен жардам берген.

Вайскопф Макс Планк медалына 1956-жылы татыган, 1972-жылы ага Чино дель Дука сыйлыгы ыйгарылган. Окумуштуунун башка сыйлыктары: АКШнын улуттук илимий медалы (1980), Вольф сыйлыгы (1981) жана Улуттук илимий академиясынын Public Welfare Medal медалы (1991).

Вайскопф Улуттук илимий академиянын мүчөсү болгон. 1960-61-жылдар арасы American Physical Society коомчулугунун жана 1976-79-жылдар арасы Американын искусство жана илим академиясынын президенти болгон.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү