Вильгельм Пик
Пик Вильгельм (3. 1. 1876, Губен — 7. 9. 1960, Берлин) — Германия жана эл аралык жумушчу кыймылынын ишмери.
- ГДРдин мамл. жанa парт, ишмери. Жумушчу үй-бүлөдөн.
- 1895- жылдан Германия с.-д. партиясынын (ГСДП) мүчөсү.
- 1906—10-ж. ГСДПпин Бремен шаардык уюмунун секретары. ГСДПнин К. Либкнехт, Р. Люксембург, К. Цеткин жетектеген солчул тобуна ыктап, алар менен тыгыз байланышта болгон.
- Биринчи дүйн. согушта (1914—18) ГСДП оңчулдарынын шовинисттик саясатын сынга алган.
- 1918-ж. борб. жетекчи «Спартак союзунун» составына кирген.
- Герм, жумушчу табын Окт. ревалюцияясынын тажрыйбасын пайдаланууга чакырган.
- Германиядагы Ноябрь революциясына (1918) активдүү катышкан.
- Пик — Германия коммунисттик партиясын (ГКП) негиздөөчүлөрдүн бири. Ал Э. Тельман жетектеген маркстик-лениндик ядрого кирип, оңчул оппортунисттерге карты күрөшкөн. 1935-ж. ГКП БКнын пред-ли.
- Экинчи дүйн. согушта (1939—45) герман империализминин дүйн. бийликке умтулгандыгын ашкерелеп, диктатураны кулатууга чакырган. Германиянын социалисттик бирдиктүү партиясы (ГСБП) түзүлгөн соң 1946—54-ж. анын пред-ли.
- 1949- жылдан ГДРдин президенти.
- Ал тынчтык, элдердин коопсуздугу жана ГДРде социализмди куруу үчүн активдүү күрөшкөн.
- «Мекен алдындагы эмгеги үчүн», Карл Маркс, «Эмгек Туусу» ж. б. ордендер менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.