Вильгельм Виндельбанд (1848—1915) — баарынан мурда философиянын тарыхчысы катарында белгилүү, ал «Байыркы философиянын тарыхын» жана «Жаңы философиянын тарыхын» жазган, булар философия тарыхын окуп-үйрөнүү үчүн баардыгын камтыган лекциялардын курсу болгон. Мындан башка да, ал «Эрктин эркиндиги жөнүндө» жана «XIX кылымдагы немец руханий турмушундагы философия» деген эмгектерди жарыялаган. Виндельбанд неокантианчылыктын башкы өкүлдөрүнүн бири.

Вильгельм Виндельбанд.

Виндельбанд өзүнүн эмгектеринде философияны билимдердин структурасын логикалык талдоого алган илимий методология катарында караган жана тарыхый билимдердин методологиясын түзүүгө аракет жасаган. Илимдерди бөлүүнү ал баарынан мурда илимдердин таанып-билүү максаттарынын формалдуу мүнөзүнүн негизинде, б.а. тааным усулунун негизинде жүргүзөт. Бир илим жалпы мыйзамдарды, экинчилери — айрым тарыхый фактыларды издештирет. Мындан келип ойломдун (мышление) ар түрдүү типтери пайда болот. Ойломдун биринчи тибин Виндельбанд номотетикалык — мыйзамга тийиштүү, экинчиси — идиографикалык, башкача айтканда өзгөчөлүү нерселерди сүрөттөп жазуучу деп атайт. Изилдөөнүн номотетикалык усулунда ойлом жеке нерселерден жалпыны түшүнүүгө карай өтүүгө умтулат, идиографикалык усулда ойлом жеке нерселерге токтолот. Виндельбанддын пикири боюнча, бул эки усул өзүлөрүнүн алып келе турган пайдасы боюнча алганда бирдей баалуу.
Толук тааным Виндельбанддын пикири боюнча, экөөнү тең — номотетикалык да, идиографикалык да усулдарды камтууга тийиш. Ошол эле убакта табият билимдери менен тарыхтын ортосунда айырма алардын фактыларды ар түрдүүчө пайдалангандыгында турат, табият билимдери — бул мыйзамдар жөнүндөгү илимдер, тарых-окуялар жөнүндөгү илимдер: «Алардын бири мыйзамдар жөнүндөгү илимдер, башкалары — окуялар жөнүндөгү илимдер» (Прелюдии. СПб, 1904. 319-320-6.).

Виндельбанд философияны баалуулуктар жөнүндөгү илим катарында карайт. Ал баа берилүүчү ой жүгүртүүлөргө негизделбестен теориялык болжомдорго жана нерселер жөнүндөгү эмпирикалык маалыматтарга негиздене турган тажрыйбалык илимдерге карама-каршы коюлат. Ал логикалык, этикалык, эстетикалык жана диний баалуулуктарды бөлүп көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү